Гастроэнтеролог майрамда ашказанды кыйнабай тамактануунун жолун айтты

Дарыгер майрам күнү дасторкон үстүндө эле отурбастан көбүрөөк кыймылдап, ырдап-бийлөөнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Гастроэнтеролог Асел Дөөлөтбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде жаңы жылдык тамактар организм үчүн бир топ оор экенин, ага ашыкча күч келтирбөө үчүн эрежелерди сактоо зарылдыгын эскертти.

"Биринчиден, майрамдык дасторкон бир күн бою жайылып турат, баарын жеп алууга ашыкпаңыз. Экинчиден, толук кандуу тамактануу керектигин унутпаңыз. Кээ бирөөлөр кечке чейин ачка жүрүп, кечинде тамакка тоюп алат. Албетте, андан соң ашказан кыйналат. Үчүнчүдөн, Жаңы жыл күнү көбүрөөк кыймылдаганды, ырдап-бийлегенди унутпаңыз", — деген дарыгер.

Ал алкоголдук ичимдиктерди ичүү ашыкча тамактанууга өбөлгө түзөрүн, ал эми аларды аралаштыруу ден соолукка зыян экенин эскертти.
"Шампан жаңы жылдык дасторконго ар дайым коюлуп келет. Бирок аны ченеми менен ичиңиз. Газдалган ичимдиктин курамындагы көмүр кычкыл газы ашказанды жабыркатат. Ошондой эле күчтүү ичимдиктер ашыкча тамак жедирип, зарнаны пайда кылат", — деп түшүндүрдү Дөөлөтбекова.
Диетолог ашказан жарасы барлар майрамдык дасторкондон эмне жесе болорун айтты