1-январга карата аба ырайы

Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-январда республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл аймагында +1...+6, Нарын өрөөнүндө -2...+3 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +7...+9, Ош шаарында +9...+11 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстандагы 6-январга чейинки аба ырайынын божомолу