Диетолог ашказан жарасы барлар майрамдык дасторкондон эмне жесе болорун айтты

Диетолог ачуу тамак менен алкоголь ичүүгө такыр болбой турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык дасторконго колдон келишинче түрдүү тамактарды коебуз, бирок алардын көбүн ашказаны ооруган адамдар жегенге болбойт. Гастрит, ашказан жарасы менен жабыркагандар үчүн майрамдык дасторконго эмне койгонго болорун диетолог Алексей Кабанов "Доктор Питер" басылмасына айтып берди.
Майрам күндөрү туура тамактануу дээрлик мүмкүн эмес. Көнүп калган майлуу, куурулган, ачуу тамактардан баш тартуу да оңой болбойт.
"Ашказан жарасы барларга майлуу эт, сүт азыктарын ашыкча колдонуу аябай зыян. Андыктан балыктан, мөмө-жемиштен жасалган тамактарга басым жасаңыз. Бирок чеги менен жегенге болот. Ал эми цитрус, экзотикалык мөмөлөрдөн баш тартыңыз. Менюга азыраак көлөмдө жаңгак кошсо болот", — деген Кабанов.
Диетолог ачуу тамак менен алкоголдук ичимдик ичүүгө такыр болбой турганын эскерткен. Ал тизмеге ачуу, кычкыл, туздуу соустар дагы кирген. Ал эми жегенге уруксат берилген азыктарга пюре, быштак, жумуртка, балык кирет.
Адис тамакты ашыкча жегенге болбой тургандагын эскерткен.
"Аз-аздан, бирок бат-баттан, күнүнө 5-6 жолу тамактануу керек. Жылуу суу, кааласаңыз газдалган суу ичүүгө болот. Бул аш кылууга жардам берет", — деди адис.
Кайсы жашылча-жемишти кабыгын аарчыбай жеген пайдалуу? Түшүндүрмө