Украина менен Молдаванын ЕБге кириши боюнча сүйлөшүү мөөнөтү аныктала элек

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Евробиримдик лидерлери Брюсселдеги саммитте Украина менен Молдаваны аталган уюмга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечкени менен анын мөөнөтүн аныктаган жок. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин ЕБ саммитинде аталган эки республиканын биримдикке келечекте кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Андан сырткары, Грузияга "талапкер өлкө" макамын берген.
"Еврокеңеш ЕБдин кеңешине 2023-жылдын 8-ноябрында Еврокомиссиянын айтылган сунуштарына карата тиешелүү кадамдар кабыл алынгандан кийин сүйлөшүүлөрдүн ылайыктуу ыкмаларын кабыл алууну тапшырат", — деп айтылган документте.
Буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссиянын өзү 8-ноябрдагы сунуштарында ЕБге мүчөлүк боюнча үч шартты Украинанын аткарбай койгондугун тааныганын айткан эле.
ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлери 2022-жылдын июнундагы саммитинде Грузияга эмес, Украина менен Молдовага "талапкер мамлекет" макамын ыйгарган. Тбилисиге 12 шарт коюшкан. ЕБдин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель быйыл сентябрда кавказдагы бул мамлекет болгону үч гана шартты аткарганын билдирген.
Анткен менен сүйлөшүүлөрдүн башталганы талапкер мамлекеттер ЕБге кирип калды деген түшүнүк эмес. Бул кадамдар Брюсселди эч нерсеге милдеткер кылбайт.
Түркия 1999-жылдан бери талапкер катары келе жатат. Түндүк Македония 2005, Черногория 2010, Сербия 2012-жылдан бери биримдикке кирүүгө талапкер. Акыркы болуп ЕБге 2013-жылы Хорватия мүчө болгон, бул процесс 10 жылда араң ишке ашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгрия Украинага делген 50 млрд. долларлык жардам пакетин бөгөттөдү