Садыр Жапаров: кийинки жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Президент бул долбоор элге оң таасирин тийгизип жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 2024-жылы 20 миң үй-бүлө 100 миң сомдон аларын белгиледи.
Президент бул долбоор элге оң таасирин тийгизип жатканын айткан.
"Ушул жылы 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон көмөк акча берилсе, кийинки жылы бул сан дагы 10 миңге көбөйүп, 20 миң үй-бүлөгө көмөк акча берели деп жатабыз. Мындай кадам менен жакырчылыкты жоюуга багыт алдык десем жаңылышпайм. Алдыдагы 10 жылда жакырчылыкты 100 пайыз болбосо да 90 пайызга жоюп калабыз деген ишенич бар", — деген Жапаров.
"Социалдык келишим" долбоору үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт. Мындан сырткары, ишкердикти кеңейтебиз деген үй-бүлөлөр патент алып салык төлөп турушса, 250 миң сомдон 1 миллион сомго чейин үстөксүз насыя ала алышат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги II Элдик курултай боюнча тексттик трансляция жүргүзүүдө.
Өкмөттөн акча алып ишкерлик баштаган 13 миң үй-бүлөнүн 96%ы аялдар