Сасык тумоого байланыштуу министр балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырды

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлар иш күндөрү эртеден кечке, дем алышта саат 14:00гө чейин иштей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сасык тумоо менен КРВИ күчөгөн маалда ооруканаларда балдар үчүн кошумча орун даярдоону тапшырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар көбөйүп жатканын айткан.
Кошумча орун даярдала турчу ооруканалар:
Шаардагы №3 балдар ооруканасында 30 орун даярдалат. Ал жакта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун педиатрлары кезектешип иштешет. Күчөтүлгөн тартипте иштөөгө 2-3-курстун ординаторлору тартылат;
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 30 орун даярдалып, кошумча 10 медик бөлүнөт;
Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүндө 45 орун даярдалат;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун алдындагы күндүзгү стационарлар дүйшөмбүдөн жумага чейин эки сменде саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү саат 14:00гө чейин дарыгерлер нөөмөттө болушат.
Эпидемиологдор кыштан оорубай чыгуу үчүн эрежелерди сунуштады