Кыргызстандагы өзөктүк медицина. Ракты дарылоого "Росатомдун" көмөгү

КР Саламаттык сактоо министрлиги жана "Росатом" корпорациясы быйыл жайында ракты дарылай турган медициналык мекемени Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында түзүү боюнча меморандумга кол койгон. Иштин башаты дурус.
Sputnik
Документке ылайык, Кыргызстанда молекулярдык визуализация борбору жана радиофармацевтикалык дарыкана ачылышы керек. Мындай мекемелердин ачылышы ата мекендик медицинада топ жарган окуялардан болору бышык деп ишенет профессор, медицина илимдеринин доктору, хирург-онколог, радиолог, Россиядагы "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын энергетикалык эмес атомдук долбоорлорун башкаруу боюнча топтун вице-президентинин кеңешчиси Юлия Курашвили. Sputnik агенттиги аны менен байланышып, кеңири маек курду.
— Долбоордун демилгеси кандайча жаралып калды?
— Кыргызстанда өзөктүк медицина бөлүмү эбактан тарта бар. Ал жарым кылымдан бери онкологиялык бейтаптарды дарылоонун ажырагыс бөлүгү болуп келген. Бирок ортодо бөлүм иштебей калган. Кийин ал МАГАТЭ аркылуу жабдылып, бирок муз ордунан козголбой койгон эле. Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы менен таанышканыбызда бири-бирибизди дароо эле түшүндүк.
Ишти бир жылдан ашуун убакыт мурун баштаганыбыз менен аталган бөлүм уруксат документтерин быйыл жайында гана алды. Себеби Кыргызстанда өзөктүк медицина токтоп турган, МАГАТЭнин талаптары олуттуу түрдө өзгөрдү. Бул уюм мындай бөлүмдөрдүн ишин гана тургай, атайын фармацевтикалык препараттар менен жабдылышын да көзөмөлдөйт.
Бүгүн онкологиялык борбордун өзөктүк медицина борборунун ишти баштоого зарыл болгон бардык документтери бар. Бөлүм чакан, аны толук кандуу өнүктүрүү үчүн радиоактивдүү препараттарды чыгаруучу өз өндүрүшү, атап айтканда, радиофармацевтикалык дарыканасы болгону оң. Мындан тышкары, бөлүмдүн бир гана диагностикалык жабдыгы болгондуктан, бүтүндөй өлкө тургай Бишкектеги бейтаптардын баарын тейлөөгө мүмкүндүк бербейт. Ошол себептүү жаңы блок – молекулярдык визуализация борборун, ошондой эле терапия үчүн да блок куруу пландалууда.
Өзөктүк медицина онкологиялык илдетти аныктоо, дарылоону гана жүргүзбөйт. Ал кардиологияда да, нейрохирургияда да, травматологияда да, трансплантологияда да пайдаланылат. Онкологиялык борбордун базасында бөлүм ачуунун анык себеби да бар. Ушул медициналык мекемеде гана жөнгө салуучулар менен бааланган, МАГАТЭнин стандарттарына төп келген документтерге ээлик кылган жападан жалгыз территория. Ошол аймакта гана ушундай технологияларды колдонууга жана радионуклиддик булактар менен иштөөгө уруксат бар.
Профессор, медицина илимдеринин доктору, хирург-онколог, радиолог, Россиядагы "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын энергетикалык эмес атомдук долбоорлорун башкаруу боюнча топтун вице-президентинин кеңешчиси Юлия Курашвили
— "Росатомдун" жардамы кандай болмокчу?
— 1,5 жылдан бери кыргызстандык кесиптештерибиз менен биргеликте достук маанайда иштешип келе жатабыз. "Росатомдун" өкүлдөрү байма-бай каттап, документтерди жазуу, даярдоодо, жөнгө салуучулар менен иш алып баруу жана текшерүү кагаздарын тастыктоодо методологиялык колдоо көрсөтүштү. Бул менен катар эле легитимдүү, атап айтканда, МАГАТЭ тараптан радиациялык коопсуздук боюнча курстарды уюштурууну камсыз кылдык. Өзөктүк медицина бөлүмүнүн бардык жана онкологиялык борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгүндө азыр ушул ишти билгендиги жана иштөөгө укугун тастыктаган документтери колунда. Жаңырган айга "Росатом" тарабынан долбоорлонуп, КР Улуттук онкология жана гематология борборунун территориясында курула турган мекеменин дал өзүндөй объектилерибиздин бирине техникалык тур пландалган.
— Кыргызстан үчүн мындай объект арзан түшпөсө керек....
— Объект кыйла кымбатка тургузулары ырас, бирок аны курууга россиялык технология жана жабдуу көп көлөмдө колдонуларынан улам биз каржылоонун өзгөчө каналы боюнча курууга даярбыз.
Россия экспорт-импорттук банкы менен иштешүү болжонууда, бул абдан "жай жүргөн" акча, дегенибиз бул бир жагынан Россияга өз технологияларын өрчүтүшүнө, ошол эле учурда Кыргызстанга кыска убакыт аралыгында дары-дармек коопсуздугу, көз карандысыздык жана демографиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу маселелерин чечип берүүгө түрткү болот.
Жаңы объектинин штаттык ырааттамасы кандай болору түшүнүктүү, кадрлар талап кылынары турулуу иш. Окуу программаларын ылайыкташтыруу боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен бир катар консультацияларды жүргүзгөнбүз. Балдарды биринчи курстан тарта окууну аяктаганча окутуу үчүн "Росатомдун" квотасы да бар. Жогорку билимге ээ, бирок биздин объектилерде иштөөгө белсенген кадрларды кошумча окутуу жагын карап жатабыз.
— Келиңиз, дегеле өзөктүк медицина деген эмне экенин талдап көрөлү.
— Медициналык радиологияга дартты аныктоодо (ультра үндүү изилдөө, компьютердик томография жана башка), операция же дарылоону түз калыпка салууда колдонула турган нурлануунун дээрлик бардык түрлөрү кирет.
Өзөктүк медицина — дартты так аныктоо жана дарылоодо радиофармацевтикалык препараттар пайдаланылган медициналык радиологиянын бир бөлүгү.
Улуттук госпиталда жаңы МРТ ишке кирди. Жарандар 3 күн акысыз көрүнө алат
— Кайсы препараттар радиофармацевтикалык болуп эсептелет?
— Радионуклид "кошулган" фармацевтикалык каражат. Өндүрүүдө тийиштүү заттын (изилдене же операция жасала турган органга жараша) молекуласы алынып, ага радионуклид кошулат. Эгер дартты аныктоо жөнүндө кеп кылсак, бул ишти аткарууда "жарыктандыргычтын" милдетин аткара алат. Жогоруда айтылган молекула барган жер, мисалы, компьютердик томографиядан өткөргөндө жанып турат. Ушундай жол менен биз кандай патологиялык процесс болбосун, айталы, кымындай метастаз болсо да аныктап, ал тургай аларды өлчөй да алат. Бул молекулярдык визуализация деп аталат.
Радионуклиддердин башка типтери кыска, бирок катуу нурланып, патологиялык процессти талкалайт. Бул залалдуу шишик жана метастаздарга тиешелүү. Алар атеросклеротикалык май баштыкчаларын, тромб жана башка патологиялар менен да күрөшө алат. Мындай дарылоо организмде так бир натыйжага жете алгандыктан максаттуу деп аталат.
Бир аз мурдараак эле радионуклиддик терапия негизинен метастаздан улам ооруну басаңдатуу үчүн колдонулган. Ал эми аны менен калкан безинин рагынан гана дарылай алышса, соңку учурда топ жарган окуя болду. Метастаз аябагандай көбөйүп кетип, тарткан азабын гана басаңдатууга боло турган бейтаптардын чоң тобу сакайып кете ала тургандардын катарына кошулушту. Дарылоонун мындай ыкмаларын клиникалык сыноодон өткөрүү башталган убакта жарым жылдык өмүрү калды делген бейтаптарды алышкан. Алар болгон ыкмалардын баарынан өткөн адамдар эле. Бирок жарым жыл эки жарым, үч, айрым учурларда беш жылга узарганда, окумуштуулар ыкма табылганын билишти.
Маселенин баары, бул препараттарды дал пайдаланар алдында даярдалганында. Себеби радионуклиддердин бир бөлүгү көпкө чыдабайт, аларды дарылоо жайына жакын бир жерде даярдоо зарыл. Ошол себептен Кыргызстанда ушундай өндүрүш ачуу маселеси көтөрүлүп калды. Бул үчүн позитрондук да, бир фотондук да эмиссиялык томограф менен жабдылган заманбап борбордун болушу абзел экени айныгыс. Ошондой эле калкан безинин рагынан башка түрлөрүн да дарылай ала турган – толук жабдылган өзөктүк хирургия бөлүмүнүн болушу шарт.
— Өзөктүк медицина онкологиялык кеселдердин дагы кандай түрлөрүн жеңе алат?
— Бир нерсени тактап алалы: радионуклиддик терапия — дарылоонун башка ыкмаларына альтернатива эмес. Эгер кеселдин очогу чоң болсо, ал хирургиялык жол менен алынат. Бирок көбүнчө урук безинин залалдуу илдеттеринин формалары, ошондой эле нейроэндокриндик шишик жана лимфомалар метастаз берет. Эгер алар менен күрөшүүгө киришсек, кошумча иретинде радионуклиддик терапия жакшы таасир этет. Мындай учурларда терапиялык препарат же моноклоналды антителолорго кыска нурланткан радионуклиддерди кошобуз, молекулалар тийиштүү жерге жеткирилет.
Онкологиянын ушул үч формасын атап өттүм, себеби бүгүнкү күндө аларды дарылоодо колдонулган радиофармацевтикалык препараттарды дүйнөдөгү бардык жөнгө салуучулар тарабынан уруксат берилген.
Көкүрөк безинин рагынын метастатикалык формалары жана глиобластоманы жеңе ала турган препараттар да жакында пайда болуп калары ажеп эмес. Аталган дарттарга дабаа болчу нерсе жок, башкача айтканда, дээрлик рактын бардык метастатикалык формаларында өзөктүк медицина технологияларын пайдаланууга болот: белгилүү бир илдетти дарылоодо колдонула турган химиялык препараттар же моноклоналдык телолорго радионуклид тиркелет.
Юлия Курашвили: Өзөктүк медицинаны пайдалануу менен текшерүүдө бейтап дарылана баштагандан 24 сааттан кийин эле ошол ыкманын жардам берип же бербей жатканын так айтууга болот. Маселен, бейтап химиотерапиядан өтө баштады дейли, бир сутка өтөрү менен биз анын шишикке кандай таасир этип жатканын түшүндүрүп бере алабыз
— Ачыгын айтканда, "өзөктүк" деген сөзгө байланыштуу нерсенин баары көп адамда коркунуч жаратат. Мындай дарыланган кишилер же алардын жакындары нурлануудан жабыр тартып калышы ыктымал деген пикирлер жок эмес. Бул канчалык кооптуу?
— Салыштыруулар менен түшүндүрүп бергенге аракет кылалы. Дартты аныктоонун магниттик-резонанстык томография (МРТ) деген түрү бар, андан эч ким чочулабайт. Бирок ошол метод жаңыдан пайда болгондо "өзөктүк-магниттик резонанс" деп аталган. Анткени клеткалардын өзөктөрү, белгилүү бир багыттагы алардын векторлорунун катары анын жаралышына негиз болгон. Кийин бейтаптарды чочутпоо үчүн маркетингдик жана коммерциялык максатта "өзөктүк" деген сөз алынып калды.
Дартты аныктоонун дагы бир кеңири таралган түрү — компьютердик томография. Кээ бирөөлөр башынан бутуна чейин ошондой текшерүүдөн күнүгө өтүүгө даяр. Чындыгында бул – катуу нурлануу күчү бар рентгендик изилдөө ыкмасы. Башында ал "рентгендик компьютердик томография" деп аталган, анткени адамды компьютер менен эмес, рентгендик нурланууга салып изилдеп, андан соң гана компьютер түшүнүктүү сүрөттү көрсөтөт. Мында да маркетингдик максатта "рентгендик" деген сөздү аталышынан алып салышты эле, эч ким чочулабай калды. Болгону өзөктүк медицинада азырынча маркетологдор бул "коркунучтуу" сөздү алмаштыра турган аталышты ойлоп табыша элек. Ал эми технологиянын коопсуздугу боюнча токтоло турган болсок, биринчиден, ар бир бейтап мындай процедурага макулдугун берет. Бул жобо дарылоонун мындай түрү пайдаланылган ар бир өлкөнүн мыйзамы менен бекитилген.
Документтерде дайым "тобокелдиктерди баалоо" жана өлчөм фиксациясы туурасындагы бөлүк камтылат. Анын зарылдыгы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, МАГАТЭнин талаптарында жана өлкөнүн жергиликтүү мыйзамдарында да жазылган. Ар бир процедура, ар бир дары жана ар бир киши үчүн биз тобокелдик жана ченемди кол менен же программа менен эсептеп чыгабыз.
Иштелип, сыналган стандарт жана протоколдор бар. Врач дарыны оюна келген өлчөмдө куя бериши мүмкүн эмес. Чындыгында радиофармацевтикалык препараттардын нурлануу күчү рентгендик компьютердик томографияныкынан да төмөн. Бирок, албетте, таптакыр коопсуз деп да айта албайбыз. Ошондуктан дени сак адамга радионуклиддер аркылуу скрининг кылынбайт, бул олуттуу көрсөткүчтөргө гана жараша жасалат.
— Медицинада радионуклиддерди колдонуунун эң чоң артыкчылыгы эмнеде?
— Өзөктүк медицинаны пайдалануу менен текшерүүдө бейтап дарылана баштагандан 24 сааттан кийин эле ошол ыкманын жардам берип же бербей жатканын так айтууга болот. Маселен, бейтап химиотерапиядан өтө баштады дейли, бир сутка өтөрү менен биз анын шишикке кандай таасир этип жатканын түшүндүрүп бере алабыз.
Онкологиядан тышкары бир мисал келтирейин. Россияда жүрөк клапандарын алмаштыруу операциялары жасалган клиникалар бар. Кээде операциядан кийин бейтаптын дене табы көтөрүлүп кетет. Врачта мындай учурда имплантка ушундай реакция берилип жатабы же ириңдүү сезгенүүбү деген суроо туулат. Кайрадан операция жасоонун зарылдыгы барбы же жокпу, так аныктоо керек. Радиофармацевтикалык препараттар менен өзөктүк медицина ыкмаларынын жардамы менен гана абалды так аныктоого болот.
Биздин кардиоборборлор мындай ыкмаларсыз ишти азыр элестете да албай калышты. Булар Кыргызстанда да пайдаланыла баштаарына ынанам. Ошондо сиздердин дарыгерлер алардын ыңгайлуулугун туюп, бүтүндөй медицина алдыга чоң секирик жасай алары ажеп эмес.
Радио
Кыргызстан Россия менен биргеликте калктын 9 ооруга каршы иммунитетин изилдөөдө