Аталган континентте көп полярдуу болочок дүйнөнүн мүнөзүн түптөөчү окуялар болууда. Аны бекемдөө процессинде ЖККУ активдүү роль ойноорун боолголойт Sputnik агенттигинин колумнисти.
Жалпы мейкиндикке жаралган коркунуч
Батыш менен Чыгыш жамааттык коопсуздукту ар башкача түшүнөт. Батыш Чыгышка кол салууга топтошсо, Чыгыштагылар Батыштан коргонуу үчүн биригишкен. Коопсуздук боюнча ыкмалардын эзелтен берки ушул айырмачылыгы ЖККУ коопсуздук аймагы менен чектешип турган НАТО блогу жаатында Евразиянын элдерине эскертип турат.
Мындай шартта биримдиктин мааниси жөнүндө кайталап айтыштын деле кажети жок. ЖККУ чек араларында жаралган кооптуулук, жалпы мейкиндиктин бүтүндүгүн бузуу аракеттери — уюмдун ушул тапта кабылып турган олуттуу коркунучтарынан.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн биримдигин бекемдөө — ошондой кооптуулуктарга эң төп келген жана туура жооп.
ЖККУнун алкагында ага мүчө мамлекеттердин саммити Минскиде Армениянын катышуусусуз өттү. Анын премьер-министри Никол Пашинян иш-чарага келбегени уюмдагы айрым маселелер бар экенин айгинелери шексиз, бирок терең деп айтууга болбойт. Себеби аталган премьер-министр "коопсуздук жаатында мамилелерди диверсификациялоо керектигин" билдиргени менен Армениянын уюмдан чыгары жөнүндө эч жерде айтылган эмес.
Анткен менен ЖККУ мамлекеттеринин Аба чабуулдарынан коргонуунун бирдиктүү тутуму ишке кирди, ал Арменияны да өзүнө камтыйт. Саммитке ЖККУнун бир мүчөсүнүн катышпаганы сырттан уюмдагы көйгөйлөр бар экенин көрсөтөр, ансыз деле батыш маалымат каражаттары "ЖККУ жылуулугун акырындап жоготуп бараткандай" жазууга ашыгышты. Армениянын геосаясий абалынан улам негизи коопсуздук багытында "диверсификациялоо" мүмкүн эмес. Чет өлкөлүк журналисттер жөнөкөй эле акыл калчай билүү жөндөмүнүн жетишсиздигине арданышпайт деле, бирок саясатчылардын сырттагыларга майдай жага тургандай билдирүүлөрү дайым эле ички, бул учурда жүз жыл мурун тарыхый тандоо кылган өз калкынын кызыкчылыгына жооп бере бербейт. Кандай болгон күндө да уюм 2023-жылды мурдагы курамы менен жыйынтыктап, келерки жылдын чакырыктарын тосууга толук даяр.
Евразия үчүн жоопкерчилик
Үлкөн күчтөрдүн дүйнөлүк борборлору ушул тапта Евразияга бүт дитин коюп, көз салып турган чак. Себеби аталган континентте көп полярдуу болочок дүйнөнүн мүнөзүн пайда кыла турган окуялар болууда. Аны бекемдөө процессинде ЖККУ активдүү роль ойноп калышы ажеп эмес. Бул уюмдун евразиялык мейкиндиктеги аскердик жана аскердик эмес коркунучтарды жоюуга жооп берүү менен эл аралык коопсуздук тутумунун бир бөлүгү экенине байланыштуу.
Соңку жылдары анын тынчтык орнотуучу дарамети алда канча өспөдүбү. 2022-жылдын январында Казакстандагы кырдаалды турукташтырууга катышуусу анын ички чакырыктарга ыкчам аракет этүү жана абалды бат жайгара алуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп турат. ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдун саммиттин жыйынтыгы боюнча "ЖККУнун тынчтык орнотуу потенциалына кийинки жылдары да талап болорун" билдиргени да муну тастыктап турат. Министрлердин жолугушууларында да аскер-саясий багыттагы, анын ичинде ЖККУ мамлекеттеринин тынчтык орнотуучу контингенттерине тиешелүү жана уюмдун маалыматтык коопсуздук камсыздоого багытталган 20 чакты документке кол коюлду.
Өткөн жылы ЖККУнун ичинде өз ара аракет этүү тышкы иштер, коргоо министрлери жана коопсуздук катчыларынын деңгээлинде жогору бааланган. Белгилей кетсек, Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, ошол жемиштүү кызматташуудан улам "чөлкөм жана эл аралык күн тартибиндеги орчундуу саясий жана аскер-стратегиялык маселелер, курч көйгөйлөр боюнча ыкчам түрдө макулдашуулар жүрүп жатты".
Дагы бир учурду да атап айтууга арзыйт. Быйыл ЖККУнун ШКУ жана КМШ менен байланыштары да өрчүп, бул евразиялык мейкиндикте уюмдун табигый өнөктөштүгүн жаратып койду. Чөлкөмдөгү ушундай көрүнүштөргө караганда бул өнөктөштүк дагы күчтөнөрү шексиз.
Чыңалган түйүндөр
Теориялык жактан алганда эгер бүтүндөй мейкиндик союздаш жана өнөктөштөрдөн турса, ал эң туруктуу болууга тийиш. Ал эми иш жүзүндө жагдай дал теориядагыдай эмес. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери да тышкы жана ички кыйынчылыктарга реалдуу баалоодон айбыгышпайт.
Беларусь президенти Александр Лукашенко эл аралык алакалардагы маанилүү маселелерге келгенде дайым так жана ачык айтканы менен айырмаланат эмеспи. Бул ирет да ал киши саммиттеги сөзүндө көйгөйлүү маселелер бар экенин моюнга алып, бирок аларды сүйлөшүү менен чечүүгө чакырды.
Лукашенко Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жылыштарды да белгилеп, ошол эле учурда "ЖККУга мүчө өлкөлөр өз коопсуздугун чыңдоонун жаңы жолдорун табууга тийиш" деген пикирин билдирди.
Россия, Беларусь, Армения кыйла касташкан жана кийин таасирин жайылтуу ниетин жашырбаган геосаясий чөйрө – НАТО өлкөлөрү менен жанаша жайгашкан эмеспи. Афганстан менен чектеш Тажикстан, андан улам Кыргызстан жана Казакстан да уюмдун түштүк багытындагы коркунучтарга кабылуу ыктымалдыгы бар. Афган багытындагы террордук жана башка кооптуулуктардын айынан азыр ЖККУ мамлекеттеринин көңүлү жай алып калышына али эрте.
Алдыдагы орчундуу аракеттер
Келерки жылы Казакстандын төрагалыгы аталган республиканын динамикалуу жана көп тараптуу дипломатиясынан улам ЖККУнун эл аралык активдүүлүгүн арттырары ажеп эмес. Президент Касым-Жомарт Токаев азыртан эле уюмдун артыкчылыктарынын бир катары коопсуздук жаатында кызыкдар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар, атап айтканда, БУУ жана ШКУ менен болгон кызматташтык экенин белгиледи.
Борбор Азиядагы ЖККУнун жоопкерчилигине кирген зонадагы терроризм, экстремизм, маңзат трафиги, курал сатуу башкалар өңдүү коопсуздук чакырыктары төрагалык кылган өлкөнүн көңүл чордонунда турары талашсыз. Мындан тышкары, Казакстандын президенти артыкчылык катарында уюмдун тынчтык орнотуучу потенциалын, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы турууну атады.
Казакстан өзүнүн геосаясий абалы, экономикалык жана аскердик дараметинен улам ЖККУнун да, ШКУнун да евразиялык коопсуздук тутумунда өзгөчө орунду ээлейт. Эмки жылы өлкө бул артыкчылыктарын жалпы евразиялык континенттеги коопсуздук системасын чыңдоого жумшай турганы бышык.
Коопсуздук чек аралары
Баарыбыз Евразияны тегиз жана бөлүнгүс коопсуздук принциптери жүзөгө ашырылган, бардык мамлекеттер өз чек аралары алкагында тең ата кызматташкан туруктуу жана өнүккөн мейкиндик катары көргүбүз келет эмеспи. Тилекке каршы, татаал, айрым учурларда ЖККУ өлкөлөрүнүн чегиндеги аскер-саясий кырдаал түз саясий же аралаш (анын ичинде маалыматтык да) кооптуулуктарды айтып-айтпасак да, жалпы мейкиндикти коргоонун жаңы механизмдерин издөөгө аргасыз кылат.
ЖККУнун биримдигин бекемдөө жана аны чыңдоо боюнча аракеттерди жалпылаштыруу — ошол коркунучтарга эң таамай жооп. Уюмдун чек араларын кеңейтүү жана жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу да – ошондой аракеттердин варианттарынын бири.
Эгер алар жетишсиз болуп калсачы? НАТО өз жоопкерчилигиндеги чек араларына карабастан глобалдык мүнөздөгү коркунуч туудуруп, түз же кыйыр түрдө аракетке өтүп кете турган кыйла айлакер жана кооптуу коңшу экенин аңдай билгенибиз оң. Түндүк атлантикалык альянстын айынан тутанган куралдуу жаңжалдардын тизмеги оголе узун: 1991-жылы – Ирак, 1995-2004-жылдары – Босния жана Герцеговина, 1999-жылы – Югославия, 2000-жылы – Афганстан, 2003-жылы – Ирак... Дагы санай берүүгө болот.
ЖККУ дайым карама-каршылыктарды саясий жөнгө салуу керектигин белгилейт. Бирок коопсуздукка коркунуч туулса эч ким өз маалында аны жоюунун зарылдыгынан баш тартпайт.
Уюмдун расмий өкүлдөрү, ошондой эле президенттер Ыкчам аракет этүүчү күчтөрүнүн мааниси, ЖККУнун тынчтык орнотуучу компонентинин потенциалынын өсүшү, ошондой эле аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн байма-бай айтып келишет.
ЖККУ эмитен эле Евразиянын кеңири мейкиндигинде тизгиндөөнүн олуттуу фактору болуп саналат. Анткен менен, балким, азыркыдан кыйла адилеттүү, демек, коопсуз дүйнө тартибин түптөөчү негизги күчтөрдүн бири катары ЖККУнун глобалдык ролу жөнүндө да акыл калчоонун убагы келгендир.