Байсалов: Кыргызстан татыктуу жашоону камсыздай алчу өлкө болуп чыкты

Өлкө жети миллиондук калкын кор кылбай багып ала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстан көпчүлүк ойлогондой жакыр эмес өлкө болуп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мектептеги тамактануу боюнча форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин докладында акыркы үч жылда мамлекеттик чыгымдын көлөмү 2,5 эсе өскөнү белгиленген. Мунун баары салыкты туура жыйноонун, абийирдүү башкаруунун жана коррупция менен күрөштүн натыйжасы.
"Кыргызстан жакыр мамлекет эмес. Биздин мамлекет жети миллион калкы үчүн абдан ыңгайлуу болуп чыкты, татыктуу жашоону камсыздоого кудурети жетет экен", — деди Байсалов.
Акылбек Жапаров: жакыр бүлөлөргө жардам кытай методологиясы менен берилет