Эпидемиологдор кыштан оорубай чыгуу үчүн эрежелерди сунуштады

Эмдөөдөн өтүү, иммунитетти көтөрүү, ооруп жаткан адамдардан оолак жүрүү менен кышта кабыла турган илдеттерди алдын алууга мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти кышта ден соолукту сактоо үчүн айрым эрежелерди кармануу керектигин эскертти.
Кышка даярдануу үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
сасык тумоо, курч респиратордук инфекция оорулары жана башка дарттарга каршы эмдөө алуу;
иммунитетти бекемдөө. Туура тамактануу, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо жана жетиштүү эс алуу режимдерин сактоо менен иммунитетти көтөрүңүз;
суукта көп жүрбөңүз, суукта калып калбоону ойлонуңуз. Жылуу кийимдерди камдап алыңыз. Теринин кургап кетүүсүн алдын алуу керек;
үйдү жылуу кармаңыз. Үйдөгү жылытуу системасын текшерип, анын жакшы иштешин, коопсуз экенин карап чыгуу зарыл;
гигиеналык чаралар. Жеке гигиена эрежелерин сактаңыз. Колду бат-баттан жууп, ооруп жаткан адамдардан алысыраак жүрүү керек, эл көп жерлерде бет кап кийүү зарыл;
тамактануу жана суу ичүү режими сакталышы керек. Күнүмдүк рациондо түрдүү тамак-аш жана витаминдер жетиштүү болушуна көңүл буруңуз.
Радио
Дарыгер: күз-кыш мезгилинде режимди сактап, уйкуга убакыт бөлүү зарыл