ЖМК: Газанын ооруканасындагы ымыркайлар эвакуацияга муктаж

Дарыгерлердин бири бөбөктөрдү бул алааматтан алып чыгып кетүү боюнча эч кандай сунуштар түшө электигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Газа тилкесиндеги "Аш-Шифа" ооруканасындагы 36 наристе тирүү жана коопсуз жайга алып чыгып кетүүгө муктаж болуп турат. Бул тууралуу NBC News телеканалына таянып РИА Новости жазды.
Аларга медициналык жайда иштеген дарыгерлердин бири жагдай тууралуу айтып берген.
"Азырынча эч кимден ымыркай бейтаптарды эвакуациялоо боюнча жакшыраак сунуш уга элекпиз. Эч ким эч нерсе дей элек... Сүйлөшүүлөр Египет тарап биздин колубузда канча бала бардыгын жана алардын ысымдары кандай экенин сураганда гана болду", — деп телеканал дарыгердин айтканын билдирген.
Шейшембиде Палестинанын саламаттыкты сактоо министри Май аль-Кейла "Аш-Шифа" медициналык борборун израилдик аскерлер толугу менен курчап алгандыгын, оорукананын администрациясы эвакуация боюнча чечим кабыл алып жаткандыгын билдирген.
Газада үч жумада көз жумган балдардын саны төрт жылдан берки согуштагыдан ашты

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 11,5 миң кишиге жетсе, алардын 4 миңден ашыгы балдар экени айтылды. 29 миңден көп адам жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумган, жабыр тарткандардын саны 5 миңге жакын. Ар кыл эсептер боюнча 200гө чукул израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылып келет. Ал эми аталган уюм бул сан 250гө жакындап барарын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Бир айдан ашуун убакыттан бери тутанып жаткан согуш оту эл аралык уюмдардын, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун 101 кызматкеринин өмүрүн алган. Бул туурасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш билдирген.
Путин: Газада көз жумган бөбөктөрдү көргөндө муштум түйүлөт