Боордун иштешин жакшыртат. Адис капустанын организмге таасирин айтты

Диетолог өзгөчө өндүрүш, өнөр жай иштеп турган шаарларда адамдын организмине уулуу заттар көп топтолорун, андан тазаланып турууга капуста жардам берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Боордун жакшы иштеши жана ал организмден токсиндерди, шлактарды чыгарып турушу үчүн глутатион антиоксиданты абдан зарыл. Бул тууралуу диетолог Маргарита Королева Sputnik радиосуна курган маегинде түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, капустаны жегенде клеткаларда бул заттын саны көбөйөт.
"Адамдар тамактанууда капустанын бардык эле түрүн колдоно бергени туура. Бул жашылча күкүрттүн булагы болуп саналат, ал организмдеги глутатиондун деңгээлин кармап турат. Аталган зат организмдеги детоксикация, жаңылануу процесстери үчүн керек. Эгерде биз күнүмдүк рационго капустаны киргизсек боордун гана иштеши жакшырбастан, тамак сиңирүү да нормалдашат", – деген Маргарита Королева.
Мындан тышкары, диетолог капуста айлана-чөйрөнүн адамга алып келген зыяндуу таасирлерин азайтат деп белгилеген. Өзгөчө өндүрүш, өнөр-жайлар иштеп турган шаарларда организм үчүн капуста миңдин бири экенин айткан.
Диетолог чөп-чардын пайдасын толук алуу үчүн аны туура колдонууну түшүндүрдү