Дарыгер аз кандуулукту алдын алып, картаюуну жайлаткан жемишти атады

Бул жемиштин курамында А, С витаминдери, кальций, фосфор, пектиндер, антиоксиданттар, бор бар.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Эндокринолог Зухра Павлова картаюу процессин жайлаткан жемишти атап, анын башка да пайдалуу касиеттерин санап берди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгердин айтымында, бул жемиш — кара өрүк. Анын жаңы үзүлгөнү да, кургатылганы да ден соолукка пайдалуу.

"Анын курамында А, С витаминдери, кальций, фосфор, пектиндер, антиоксиданттар, бор бар. Бул компоненттер булчуң, сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берип, эстутумду жакшыртып, картаюу процессин да жайлатат", — деген медик.

Эксперт кара өрүктө арыктоого жардам берген клетчатка да бар экенин кошумчалаган. Бул жемиш адамды ток кылып, канда канттын деңгээлин бир калыпта алып жүрүүгө көмөктөшөрү айтылды. Ошондой эле ич катканда кара өрүк миңдин бири. Анын курамындагы темир аз кандуулукту алдын алары кошумчаланды.
Диетолог чөп-чардын пайдасын толук алуу үчүн аны туура колдонууну түшүндүрдү