КРдин туңгуч премьер-министри 80 жашка чыкмак. Исанов жөнүндө 7 факт

Бүгүн – көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, өлкөнүн туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү саясатчы жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Sputnik
Айылга акча салган студент. Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдагы мектепти ийгиликтүү бүтүргөн өспүрүм 1960-жылы сынактан өтүп кетип, Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна окуганы жөнөйт. СССРдин борборунда билим алып жүргөн студент бир жарым жылдай кечкисин окуп, күндүз курулушта иштеген. Москвалыктар менен теңтайлашып окуган элеттик жигит коомдук иштерге да активдүү катышып, айылдагы ата-энесине акча жибергенге да жетишчү.
Насирдин Исанов (биринчи солдо) 1960-жылы сынактан өтүп кетип, Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда окуганы жөнөйт.
Талыкпас эмгек, кызматтык тепкичтер. Өндүрүштүк жана жарандык курулуш факультетин бүтүрүп мекенине кайтып келген инженер-куруучу 1966-жылы эмгек жолун "Ошгорстрой" ишканасында баштап, мастер, прораб, башкы инженер, техникалык бөлүмдүн жетекчисине чейин жетет. Жаш адис ошол эле маалда Политехникалык институттун Ош шаарындагы филиалында студенттерге да сабак берип иштеген. Кесипкөй жетекчи андан ары Ош облустук компартиянын курулуш бөлүмүндө инструктор, 28 жашында эле "Нарынгидроэнергостройдо" парткомдун катчысы болот. Ал кезде аталган кызмат бир районду башкарган райкомдун ыйгарым укуктарына тең келген.
40 жашында министр болгон. 70-жылдары Кыргыз ССРиндеги ири курулуштардын көбүн башка республикадан келген адистер жүргүзсө, Насирдин Исанов аларды башкарган. Иш билги, тыкан куруучуну ошол кездеги Ош облусун башкарган Султан Ибраимов байкап калып, ага жол көргөзгөн. 1976-жылы Алматыдагы жогорку партиялык мектепти аяктап келген соң Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин шаардык чарба жана курулуш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары, 1979-1983-жылдары ошол бөлүмдүн башчысы болуп, 40 жашында Кыргыз ССРинин курулуш министри кызматына киришет. Үч жыл министрликтин башында турганда борбор калаадагы Тарых музейи, "Ала-Тоо" аянты, Өкмөт үйү салынган. 1988-жылы Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагасы кызматына кеткен.
70-жылдары Кыргыз ССРиндеги ири курулуштардын көбүн башка республикадан келген адистер жүргүзсө, Насирдин Исанов аларды башкарган
Кыргызстандын туңгуч премьер-министри. 1990-жылдагы президенттик шайлоодо бир нече талапкер катышып, экинчи турга Аскар Акаев менен Насирдин Исанов гана өтөт. Анда Акаев алдыга озуп чыгып президент болуп шайланып, Исанов вице-президент болгон. Ал эми 1991-жылдын башында эгемен Кыргызстандын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалат. Экономика илимдеринин доктору өлкөнүн базар экономикасы боюнча концепциясын иштеп чыккан. Анын замандаштары Исановдун калыс, кесипкөй жана принципиалдуу жетекчи болгонун азыркыга чейин эскерип келет.
Комуз чертип, ырдап… Саясатчы комуз, мандолинада ойноп, обон созуп, ыр жазган. Ошондой эле кесиби куруучу болгондуктан үйдөгү курулуш иштерин башка адамга карматчу эмес. Мындан сырткары, ал лыжаны мыкты тепкен.
Саясатчы өмүрлүк жолдошу Бүзыйнат экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн
Эмгекчил уул-кыздын атасы. Саясатчы өмүрлүк жолдошу Бүзыйнат экөө бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда тун кызы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо бөлүмүн жетектейт. Уулу Алмаз президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгын башкарып келет. Анын уул-кызы атасы жумуштагы маселени үйгө айтып келбеген, мыкты тарбия берген үй-бүлө башчысы болгонун эскеришет.
Каргашалуу жол кырсыгы… Август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмерге Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык наамын ыйгарды. Аткаминер 1991-жылы 29-ноябрда Ош — Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгон. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча, 48 жаштагы Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергөө иштерине ынанбай келет. Кыргыздын камчыга сап уулунун ысымы жогорку окуу жай, айыл, көчөлөргө ыйгарылган.
Автоунаасына өтүгүн сала жүргөн министр. Султан Ибраимов жөнүндө 9 факты
Усубалиев жан тарткан маэстро. Дирижёр Асанкан Жумакматов жөнүндө 7 факты