Диетолог чөп-чардын пайдасын толук алуу үчүн аны туура колдонууну түшүндүрдү

Адистин айтымында, көк чөп канчалык жаңы үзүлгөн болсо, пайдасы ошончолук көп болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Күздө тумоо, курч респиратордук инфекция оорулары күч алган учурда иммунитетти чыңдай турган азыктарды көбүрөөк колдонуу сунушталат, өзгөчө чөп-чарга маани берүү зарыл. Бул тууралуу диетолог Андрей Бобровский Sputnik радиосуна курган маегинде түшүндүрдү.
Ашканада колдонулчу чөп-чар С витаминине жана антиоксиданттарга бай, алар иммунитетти бекемдеп, организмди инфекциялардан коргоого жардам берет. Ошондой эле дарыгер күз адам кышында оору-сыркоого туруштук берген заттар менен организмге камсыздоо ыңгайлуу мезгил экендигине токтолгон.
"Адамдын рационунда райкан, ашкөк, петрушка жана башка көк чөптөр болушу керек. Аларды бышырбай туруп чийки жеген оң. Изилдөөлөрдүн биринде көк чөптү үзгөндөн кийин ар бир саат сайын анын пайдалуулугу 10 пайыздан төмөндөй берери аныкталган. Ошондуктан чөп-чар канчалык жаңы үзүлгөн болсо, ошончолук пайдасы көп болот", – деген Бобровский.
Радио
Кыргызстандыктар тузду 2,5 эсе көп колдонот. Нутрициолог зыяны тууралуу