Кеңседе отуруп иштегендердин ден соолугун буза турган 5 нерсе

Адистер кеңседе отуруп иштегендерге бөлмөнү желдетип, ар саат сайын 5 мүнөткө басып турууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кеңседеги жумуш организмди "жай өлүмгө" кептеши мүмкүн. Анын кесепеттери тууралуу кененирээк Роспотребнадзордун адистери айтып берди.

Абанын тазалыгы

Кеңседе кеминде 8 саат иштейбиз. Анда желдетилбеген бөлмө, жылуулук системасы, адамдын көптүгү абаны булгап, кургатып жиберет. Мындан улам бет менен колдун териси кургап кетиши мүмкүн. Мындан ар кандай косметикалык каражаттардын жардамы менен арылууга болот, бирок тамак менен мурундун кургашынан кутулуу оңойго турбайт. Аны дарылоо көпкө созулуп, иммунитетти начарлатат, адам вирусту тез эле жуктуруп ала турган болуп калат.

Кычкылтектин жетишсиздиги

Жогоруда айтылган себептерден улам кеңседе кычкылтектин жетишсиздиги пайда болот. Андыктан бөлмөнү желдетип туруңуз. Эң жакшысы — эшик-терезени бирдей ачуу. Ошондой эле түштө сыртка чыгып сейилдеп келүүнү адатка айлантыңыз.

Туура эмес тамактануу

Жумушка алаксып кээде тамак ичүүнү унутуп же таттуу менен ашказанды алдап коебуз. Бул туура эмес, убакыт өткөн сайын мындай адат ооруга алып барат. Андыктан үйдөн жашылча-жемиш, эт кошулган тамак алып келип, толук кандуу тамактанууну унутпаңыз.

Көздүн бузулушу

Кеңседе сегиз саат бою компьютерде иштөө көздүн көрүүсүн бузат. Андыктан монитордон кеминде 45 сантиметр алыс отуруңуз. Ошондой эле мониторду терезени каратпай коюп, караңгы киргенде кошумча жарыкты күйгүзүңүз.

Отуруп иштөө

Кеңседе иштеген учурда белди түз кармап, туура отурууга аракет кылыңыз. Ар саат сайын жок дегенде 5 мүнөт ары-бери басып, жеңил көнүгүүлөрдү жасап туруу оң. Жумуштан соң спорт менен машыгууну унутпаңыз.
Психотерапевт: уйкусуздук аялдардын гормоналдык циклин бузат