БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясынын үчүнчү комитети Россиянын нацизмди даңазалоого каршы туруу резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу кабарчысына таянуу менен РИА Новости жазды.
Документке жалпы 112 мамлекет добуш берген. АКШ, Украина, Улуу Британия, Германия, Канада башында турган 50 өлкө резолюцияга каршы болду. 14 мамлекет калыс пикирин билдирген.
Резоюцияда өлкөлөргө алардын адам укугу боюнча эл аралык милдеттемелерине ылайык Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын жана жалпы тарыхты кайра кароосун, ошондой эле адамзатка каршы кылмыштарды танууну алдын алуучу чараларды көрүү сунушталган.
Документтин авторлору нацизмди даңазалап жайылтууга байланышкан жоруктарды кескин сындап, буга Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтерге ушундай мазмундагы граффитилер менен сүрөттөрдүн түшүрүлүшүн мисал келтиришкен. Алар өлкөлөрдү расалык дискриминациянын бардык түрүн жок кылууга чакырык салышты. Муну алар мыйзам менен бекитүүнү талап кылып жатышат.
Мындан тышкары, резолюция билим берүү системасында расизм, дискриминацияны, этникалык, улуттук өзгөчөлүгүнөн, диний ишениминен улам зомбулук көрсөтүүнү пропагандалаган материалдардын колдонулушуна каршы.
БУУнун үчүнчү комитети буга чейин резолюциянын текстине өзгөртүү киргизип, Россия "неонацизмди жок кылуу шылтоосуна жамынып Украинага каршы территориялык агрессиясын актоого аракет жасап жатканын" белгилеген. Буга макул болуп добуш берген Батыш мамлекеттери тексти оңдолгон резолюциядан Москва баш тартышы мүмкүн деген пикирде эле.
РФ ТИМинин Адам укугу боюнча ар тараптуу кызматташуу департаментинин директору Григорий Лукьянцев мындай кадамды "процедуралык чагымчылык" деп атап, текстти саясатташтыруу аракети жүрүп жатканын белгилеген. Дипломат документ бир өлкөнүн резолюциясы эмес, тематикалык мүнөзгө ээ экенин, ал позицияны таңуулабай диалог менен кызматташууга багытталганын айткан.