Садыр Жапаров өзүнүн түпкү максаты эмне экендигин айтты

Президент форумда эл аралык уюмдарга кайрылып, бийлик алар менен кызматташууга даяр жана кызыкдар экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Менин түпкү максатым — жалпы элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн экономиканы өнүктүрүүгө жетишүү. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров "Жакырчылык жана теңсиздик" деп аталган улуттук өнүгүү форумунда жасады.
Ал бийликтин, өкмөттүн негизи аракеттеринин бирине токтолду.
"Бийликтин бардык органдары жаңы жумуш органдарын түзүп, иш менен камсыз кылуу чараларын күчөтүшү кажет. Эмгек акыны жогорулатуу, пенсия менен жөлөк пулдарды, ошондой эле калктын жакыр жана социалдык жактан аялуу катмарларына социалдык төлөмдөрдү төлөөнү көбөйтүүнү камсыз кылуу негизги аракеттердин бири болуп кала берет", — деди мамлекеттин башчысы.
Ал өлкөнүн бардык катмарында тең укуктуулукту камсыз кылып, жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт аларын баса белгиледи.
Президент Кыргызстан БУУ, эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен өнөктөштүктө болуп, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө чечкиндүү белсенип жатканына токтолуп, аларга кайрылды.
"Эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу жаатындагы өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн биргелешип, макулдашып иштөөсүн камсыз кылуу өтө маанилүү. Кыргызстан бул багытта сиздер менен кызматташууга кызыкдар жана даяр", — деди ал.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду