Психотерапевт: уйкусуздук аялдардын гормоналдык циклин бузат

Уйку канбаган абалда көп жүргөн учурда зат алмашуу бузулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Психотерапевт Дмитрий Попов уйкусуздук аял менен эркектин ден соолугуна кандай таасир этерин түшүндүрдү. Медиктин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Анын айтымында, адам менталдык жактан жабыркабаш үчүн кеминде сегиз саат уктоосу кажет. Антпесе уйкусуздук адамдын психикасына олуттуу залакасын тийгизет.
"Дайыма уйкусу канбаган адам жаңы маалыматты оңой менен кабыл ала албай, эс-тутуму начарлайт. Ошондуктан чоң киши суткасына сегиз сааттан кем эмес, ал эми студенттер тогуз сааттан ашык уктаганы оң. Себеби алар жаңы маалыматты көп алып, окушат", — деген психотерапевт.
Ошондой эле ал уйкусуздук аялдардын гормоналдык, менструалдык циклин бузуп, эркектердин эрте картаюусун шарттай турганын белгилеген.
"Уйкусуздук эркектердин тестостерону менен либидосун түшүрүшү ыктымал", — деген дарыгер.
Уйку канбаган абалда көп жүргөн учурда зат алмашуу да бузулары кошумчаланды.
Сексолог түгөйлөрдүн төшөк мамилеси суубаш үчүн эки жолду сунуштады