Кыргызстанга биологиялык коопсуздукту камсыздаган мыйзам зарыл. Академиктин маеги

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери алдыңкы планга чыгып жаткан мезгил. Жогорку Кеңештин депутаттары да мыйзам долбоорун даярдоо аракеттерин баштады.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов болду. Биз биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам долбоорунун механизмдери жана кооптуулукту алдын алуу жолдору тууралуу баарлаштык.
— Биологиялык кооптуу кырдаалдар дайыма эле болуп келген. Бирок бүгүн дүйнөлүк уюмдар да коңгуроо кагууда.
— Биологиялык кооптуулуктар көп. Мисалы, ГМО, биотерроризм, биологиялык жана химиялык курал колдонуу. БУУнун Коопсуздук кеңешинин №1540 корутундусунда химиялык-биологиялык куралды, бактериялык жабдууларды азайтуу жана аны чыгарууга каршы чечим чыгарылган. Ага Кыргызстан да кол койгон. 2005-жылы Картахен протоколуна кошулганбыз. Анда бир нече өлкө чогулуп, биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн колдонулуучу чаралар жана бири-бирине кандай милдеттенмелери бар экени каралган. Бирок ошондон бери бул маселеге ылайык өзөктүү мыйзам иштелип чыккан эмес. Башкача айтканда, биологиялык коопсуздук боюнча укуктук-нормативдик база түзүлө элек. Учурда анын үстүндө иштеп жатабыз. Ага ылайык документтерди чогултканыбызга көп жыл болуп калды. Жогорку Кеңешке киргизүүгө аракет кылганыбыз менен ар кандай жагдайлар жаралып, тоскоолдуктар болуп калчу. Азыр бул долбоор коомдук талкуудан өттү. Эми парламентке киргизип, үч окуудан тең өтүп кетсе өкмөткө жөнөтүшөт. Буюрса, мыйзам кабыл алынат деген ойдомун.
Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, академик Асанкадыр Жунушов
— Аталган мыйзам долбоорунда эмнелер камтылган?
— Тармактардын баарын тең киргизгенге аракет кылдык. Биотерроризм, ГМО камтылган азык-түлүктөрдөн сактануу эрежелери жана биологиялык коргонуу шарттары, жагдайлары камтылган. Башка өлкөнүн мыйзамдарын да карап көрдүк. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан анын башкаларга окшобогон шарты бар. Ошол себептен өзүбүзгө ылайык мыйзам долбоору керек. Мал киндиктүү өлкө болгондуктан сырттан ар кандай жем-чөптөрдү алып келип жатабыз. Алардын курамы да ар түрдүү. Дегеле ГМО камтылган азыктарды өлкөгө киргизбеш керек. Азык-түлүк коопсуздугун ички өндүрүш менен чечкенге кудуретибиз жетет. Анча-мынча жетпегенин гана импорттосок. Эң маанилүүсү, биокоопсуздукка маани берүү кажет.
— Генеткалык жактан модификацияланган организм эмнеси менен коркунучтуу?
— Дүйнөдө 7 миллиард элдин 1,5-2 миллиарды ачка. Мисалы, элин багуу үчүн гендик деңгээлде өзгөртүүгө дуушар болгон организмдерди жасап жаткан мамлекеттер бар. Азыр ГМОго карата окумуштуулар да эки ача пикирде. Илимде анын адамга зыяндуулугу так айтылган эмес. Бирок зыян экенин билебиз. Ошондуктан Кыргызстанга ГМО азыктарды, уруктарын да киргизбеш керек. Анткени топуракты бузат. Анда "жашыл экономика" деп сүйлөгөнүбүз кайсы? Ансыз деле химиялык азыктарды колдонуп жатып топурактын кыртышын талкаладык. Азыр мал-жандыктардан да антибиотиктер табылууда. Европада мындан 7-8 жыл мурун эле тоют антибиотиги пайдаланылбай калган. Анын мыйзам ченемдүү жоопкерчиликтери бар. Кыргызстанда, кудайга шүгүр, тамак-аш жетиштүү, ачка эмеспиз. Андыктан ГМО азыктар тыкыр каралышы керек. Ар кандай оорулар чыгып жатат. Бирок алар кайдан, эмнеден келип чыгып жатканын текшерген киши жок. Антибиотиктерди көп колдоно берип, организмге таасир бербей калган учурлары да көп. Биологиялык коопсуздук механизми боюнча долбоор эң ириде адамзаттын саламаттыгына оң таасирин берет.
— Биологиялык коопсуздук абдан кеңири термин. Анын баарын бир мыйзамга сыйдыра алабызбы?
— Мыйзамдын өзү кабыл алынса эле анын тегерегинде укуктук-нормативдик актылар бекемделип жүрүп отурат. Улам эле ар кандай мыйзам бекитиле бербейт да. Ушул мыйзам долбоору негизги өзөк катары калат. Ал Кыргызстанда кезиккен биокоопсуздукту камтыган мыйзам болоруна ишенем. Дүйнө тынч эмес. Биологиялык жактан кооптонуу бар. Лабораторияларда учурда эмне иш болуп жатканы белгисиз. 2000-жылы канадалыктар бизге биологиялык лаборатория курууга жардам берерин айтышкан. Алар биологиялык коопсуздук боюнча маселе көтөрүп, Кыргызстанды "демократиянын аралчасы" атап, биологиялык коопсуздукту камсыздоону бизден башташкан. Канада 60 миллион доллар бөлүп, медиктердин катышуусунда долбоорлору чийиле баштаганда эл каршы чыгып курдурбай койгон. Андан кийин революция болуп кетип, курулушу токтоп калды. Канада 5-6 миллион долларын берип, калган акчасын жаап салган. Кадрларды өздөрү даярдап бермек. Кийин Грузиядагы лабораторияга барып келдим. Бир бөлмөсүндө америкалыктар отурат. Эмне иш кылып жатышканын эч ким билбейт. Мындай лабораторияны иштетүү үчүн көп ресурс керек. Көп акча талап кылынмак. Бир чети бизге ылайык эмес экен. Азыр биологиялык коопсуздук үчүн мобилдик лабораторияларды түзө башташты. Чакан имараттын бир жагына жабдыктардын баарын жайгаштырып, экинчисине 3-4 киши иштей турган лаборатория курса болот. Бизге ошол эле жетмек. Мобилдик лабораторияларды чыгарган өлкөлөрдөн техникалык грант катары ушул жабдыктарды алуу жагын ойлонуп жатабыз.
— Бизде аны иштетүүчү кадрлар жетиштүүбү?
— Бар. Тескерисинче, кадрлардын көбү маянанын аздыгынан, жабдык жогунан академиядан кетип жатпайбы. Биздин институттан баарын үйрөнгөн соң жеке лабораторияларга кетип калышууда. Керек болсо казактар бизден окуп, илимдин кандидаттыгын алып кетишүүдө.
Эмдөө менен көп ооруну ооздуктап калдык, бирок көйгөй бар. Ветеринардын маеги
— Биологиялык тобокелчиликти түшүндүрүп берсеңиз?
— Ар кандай жугуштуу оорулардын келүүсү, биотерроризм, пандемияга окшогон жасалма вирустардын дүйнөнү каптоосу биологиялык тобокелчиликке кирет.
Биологиялык коопсуздук мыйзамында биотерроризм боюнча укуктук нормалар да каралды. "Биологиялык коргонуу" деген өзүнчө берене кирди. Кооптуулуктун очогунда жүргөн адамдардын биологиялык коргонуусу камтылат. Ошол эле коргонуучу костюмдарды кийгенди да үйрөтүү керек. Ал эми мекемелердин биологиялык коргонуусу өзүнчө болушу керек. Ушунун баары мыйзам долбоорунда бар. Мыйзам кабыл алынгандан кийин аны ар бир министрлик карап чыгат. Себеби саламаттыкты сактоо, ветеринария, айыл чарба жаатында коопсуздук мыйзамы бар. Ошол эле биологиялык тобокелчилик түшүнүгүн да мыйзамга киргиздик. Себеби алдын алуу керек.
— Азырынча бизде ушул жаатта мыйзам жок. Демек, биологиялык лаборатория же дагы башка ушуга окшогон нерселерди ачууга эч нерсе тоскоол болбойт экен да?
— Ошол себептен мыйзамды тезинен кабыл алуу керек. Буга чейин медицина, жаратылышты коргоо, ветеринария, айыл чарба коопсуздугу жаатында мыйзамдар иштеп келген. Бирок биологиялык коопсуздук боюнча өзөктүү мыйзам керек болуп турат. Азыр анын жоктугунан улам жасалма документтер менен зыяндуу лобаратория ачып же биологиялык жактан кооптуу иштерди жасап коюшу да мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Ал үчүн укуктук-нормативдик базаны жөнгө салуу керек. Малдын ылаңдары тууралуу айтсак, орто микробдор менен иштеген киши жок болуп калды. Анын көбү сүттөн, эттен чыгып жатат. Эптеп эле жеңил акча табууну көздөбөй, менчик ээлери да жоопкерчиликтүү болушу керек. Сатып алган эл да таза азык-түлүк талап кылса. Сүттү кайра иштетүүдө да айылдардан чогултуп кетишет. Уй саагандын да гигиенасы болот. Колду жуубай же желинди тазалабагандан ар кандай микробдор аралашканда сүттүн сапаты начарлап калат.
— Кыргызстан тамак-аштан баштап, асыл тукум малга чейин баарын сырттан алып келет. Булардан да ар кандай оорулар келиши ыктымалбы?
— Сөзсүз. Көчөт алып келүүнүн да технологиясы бар. Биздин окумуштуулар ошол сырттан келген импортту бул жактан деле жасап бере алабыз. Башыбыз бар, дараметибиз жетет. Бирок акча керек. Асыл тукум малды алып келүүгө насыя сурашууда. Аны жасалма уруктандыруу жолу менен эле алса болот. Ветеринария тармагында сүт маселеси да көтөрүлдү. Майда болгону менен байкасаңар, кышында сүт кымбат, жайында арзан. Себеби эмнеде? Анткени малдын тууту жөнгө салынган эмес. Эт, сүт багытындагы малды өстүрүүнүн да технологиясы бар. Аны Кыргызстандын шартына ылайыктап иштетсе болот. Биологиялык коопсуздукту коргоо үчүн кадрларды даярдап, лабораторияларды гендик өзгөртүүлөрдү аныктай алган жабдыктар менен камсыздоо кажет. Мыйзам кабыл алынса шек жараткан азыктарды дароо текшерүүгө алып, коопсуздук жаралмак. Азыр вирустардын деңгээлине мониторинг жасап жатабыз. Муну ойлогон жан жок.
Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзамды кабыл алуу мезгили келди. Ашимованын маеги