Күнүнө 10 мүнөт бийлөө мээнин сергектигин сактайт. Дарыгердин кеңеши

Адистин айтымында, бий жөө басууга караганда алда канча пайдалуу.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мурунку дарыгер жана теле алып баруучу Майкл Мосли мээни жаш бойдон сактап калууга жардам берген машыгуу тууралуу айтып бергенин The Mirror басылмасы жазды.
Анын айтымында, күнүнө 10 мүнөт активдүү бийлөө мээнин сергектигин сактап калууга жардам берет. Бийлөө депрессия менен күрөшүүдө мыкты курал экенин, ал эс-тутумду жакшыртып, басууга караганда пайдалуу болору тастыкталганы белгиленди.
"Мээни жаш бойдон сактап калуу үчүн үй шартында кыска мөөнөткө, бирок үзгүлтүксүз машыгууларды жасоо же болбосо күндө активдүү бийлеп коюу жетиштүү. Мындай жол спорт залга барууга убакыт таба албагандар үчүн дагы сонун альтернатива болуп саналат", — деди Мосли.
Радио
Инсульт болгондо 3-4 саатта берилген жардам өмүрдү сактап калат