Бишкекте жылуулук менен көйгөй жаралса кайда кайрылыш керек? Номерлер

Жылытуу мезгилине даярдык иштери. Архив
Бүгүндөн тарта борбор калаанын тургундарына жылуулук бериле баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы шаарда жылуулук берүүдө көйгөй жаралса кимге кайрылуу керектигин эске салды.
Бүгүндөн тарта борбор калаада жылуулук бериле баштайт, ал биринчи кезекте социалдык объектилерге, андан кийин турак жайларга, ишканаларга жана башка өнөр-жай мекемелерине жетет. "Бишкек жылуулук тармагында" 138 миң абонент катталган.
Ишкана көп кабаттуу үйлөрдүн жана имараттардын үстүндө жайгашкан жылытуучу приборлордун ичинде калган желди чыгарып коюуну эскертти.
Эгер суроо жаралса кайрылуучу номерлер:
керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, (0557) 61-11-66, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66;
диспетчердик кызмат — 56-85-58;
Борбордук райондордун нөөмөтчү инженерлери — 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондорунун нөөмөтчү инженерлери — 51-06-22, 21-74-06.
Жүк ташуучу унаага көмүр жүктөө
Бишкекте көмүрдү кайдан канчага сатып алса болот? Даректери