Алымкадыр Бейшеналиев менчик клиникалар менен күрөшүн кайра баштады

Министр мурдагы текшерүүлөр тууралуу кеп кылып, лицензиясы жок иштеген клиникалардын ишине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менчик клиникалар менен күрөштү кайра баштап, уруксатсыз иштеген жеке стоматологиялык клиникалардын ишин токтотуу керектигин белгиледи.
Министр Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында стоматология кызматын өнүктүрүү концепциясын талкуулаган жыйынга катышкан.
"2021-жылы жеке стоматологиялык клиникаларды текшере баштаганда 837 клиниканын дээрлик жарымынын лицензиясы жок болчу. Бул өз кезегинде калкыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Гепатит жана ВИЧ менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн", — деген ал.
Жыйында балдар үчүн Бишкекте эки, Ошто бир стоматологиялык клиника уюштуруу каралганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев менчик медициналык клиникалар менен күрөштү 2021-жылы эле баштаган. Ал лицензиясы жок иштеген клиникаларды чекесинен жаап, медициналык окуу жайларды да текшерүүгө алган.
Кийин ага кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган соң бул иштер токтоп калган эле. Алымкадыр Бейшеналиев министрлик кызматына ушул жылдын сентябрь айында президенттин жарлыгы менен кайра кайтып келген.
Министр Бейшеналиев өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын айтты