Сегиз айда Кыргызстандан сыртка канча акча которулганы айтылды

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялары тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет 2023-жылдын январь айынан августка чейин Кыргызстандан сыртка 324,9 миллион доллар которулганын маалымдады.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялары тууралуу болуп жатат. Каражат ар кандай валюталар менен жөнөтүлөт, бирок эсептегенде доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.
Сегиз ай ичинде өлкөгө чет мамлекеттерден 1 миллиард 263 миллион доллар келген.
Былтыр ушул мезгил менен салыштыра турган болсок, сыртка 608,9 миллион доллар чыгарылган. 2022-жылды толугу менен эсептегенде Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы рекорд жараткан. Өсүүлөр апрелде башталып, эң көп которулган сумма (170 миллион доллар) сентябрда катталган.
Августта ИДП 677 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат?