20 жылдык тарыхы бар "Кант" авиабазасы. Аскердик бөлүк тууралуу сүрөт баян

Өткөн жуманын башында Канттагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун авиациялык базасынын 20 жылдыгы белгиленди. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган аскердик бөлүктүн тарыхы чагылдырылган сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
ЖККУнун авиациялык базасы 2003-жылы 23-октябрда салтанаттуу ачылып, иш-чарага Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен Россиянын президенти Владимир Путин катышкан. Анда россиялык бөлүк жоокерлери, курал-жарак, техника, учактары менен келип Кант шаарынын четинен орун алган. Авиациялык бөлүк 20 жылдын ичинде КРдин Куралдуу күчтөрүнүн ишеничтүү өнөктөшүнө айланды. Кошумчалай кетсек, "Кант" авиабазасы Россия Федерациясынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн жана Аскер-аба күчтөрүнүн Борбордук аскердик округунун 2-командачылыгынын курамына кирет.
1 / 13

"Кант" авиабазасынын казармасын көргөнү келген өлкө башчылары. 2003-жыл

2 / 13

Аскердик бөлүктүн ачылышына келген эки өлкөнүн башчылары. Кант шаары, 2003-жыл

3 / 13

ЖККУнун авиациялык базасында россиялык учактардын бир нече түрү бар

4 / 13

"Кант" авиабазасында учакка отурганы жаткан Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко

5 / 13

Авиабазада кыргызстандык жана россиялык аскерлер машыгууларын бирге өткөрүп турушат

6 / 13

Ал жактагы учактар зарыл болгон учурда ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясына абадан колдоо көрсөтөт

7 / 13

Базадан акыркы үлгүдөгү авиациялык техникалар абага көтөрүлүп турат

8 / 13

Россиянын Кыргызстанга эки аскердик учак тапшырып жаткан маалы. Сүрөт "Кант" авиабазасында тартылган

9 / 13

Россиялык авиабаза учактарын Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө убактылуу колдонууга да берип турат

10 / 13

Авиабаза бир нече гектар аянтты ээлеп, өзүнүн учуп-конуу тилкеси, учак токтотуучу жайлары бар

11 / 13

ЖККУнун алкагында россиялык жана кыргызстандык учкучтар ар тараптан кызматташып турат

12 / 13

Кыргыз жергесинде машыгууларды өткөргөн россиялык жоокерлер

13 / 13

Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон учкуч Исмаил Таранчиевдин ысымы авиабазадагы бир учакка ыйгарылган

Тема боюнча:
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Кол алышкан, жылмайган КМШ президенттери. Саммиттен 14 сүрөт
Берекелүү күздөгү эмгек. Мээнеткеч элеттиктердин эски сүрөттөрү
Бишкек четинде ШКУ, КМШ өлкөлөрү машыгуу өткөрдү. Сүрөт ирмемдер