Бишкекте кагышкан эки машинанын бири эне-баланы коюп кетти

Эки машина тең айып короого токтотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте Mercedes-Benz машинасы Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкандан кийин эне-баланы коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 14:12де болгон. Toyota Camry Раззаков көчөсү менен келе жатып Mercedes-Benz автосу менен кагышкан. Анын кесепетинен Mercedes-Benz коляска менен тротуарда бара жаткан келинди коюп кеткен.
Эки машина тең айып короого токтотулду.
Ыкчам медицина борбору жол кырсыктан эне-бала жабыркаганын билдирди.
"Экөө тең ооруканага жаткырылды. Алардын баш сөөгү жабыркаган", — дешти борбордон.
Цистерна оодарылып, өрт унааларга жармашкан. Чүйдөгү ири кырсыктын себеби