Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тарта берилет

Алгач жылуулук оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тарта берилерин мэрия кабарлады.
Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Алгач жылуулук оорукана, бала бакча, мектеп, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге берилмекчи.
Жылуулук тарифин кескин кымбаттатууга жол ачылышы мүмкүн. Министрликтин долбоору