ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити

ШКУ премьерлер кеңешинин жыйыны аяктап, КР төрагалыкты Пакистанга өткөрүп берди

Жыйындын жыйынтыгында 14 документке кол коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин Бишкекте өтүп жаткан кеңейтилген жыйыны аяктап, Кыргызстан ШКУ төрагалыгын Пакистанга өткөрүп берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйындын жыйынтыгы менен ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берип, жалпы 14 документке кол коюлганын белгиледи.
"Эң маанилүү жыйынтыктоочу документ катары ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин Биргелешкен коммюникеси болду, анда күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын, ошондой эле ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылган. ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы программасын ишке ашыруунун алкагында ШКУ катчылыгынын отчётун бекиттик жана Банктар аралык бирикмесинин жана ШКУ Ишкер кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаларды уктук", — деген Жапаров.
Ал Бишкекте өтүп жаткан бүгүнкү жыйын уюмдун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди иш жүзүнө ашыруунун жана ШКУнун мындан аркы ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү этабы болуп калды деген ишенимин билдирген.
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
ШКУ премьерлеринин жыйыны. Акылбек Жапаров көтөргөн орчундуу маселелер