Дарыгер 40 жаштан кийин кандай тамактануу керектигин айтты

Адистин айтымында, адамдын маанайы, ичеги-карындын иштөөсү, энергиянын баары анын жеген азыгынан, тамактануу адатынан көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дарыгер Екатерина Волкова 40 жаштан кийин ден соолукту бекем кармап жүрүүгө жардам бере турган тамактануу адаттарын атады. Врачтын кеңеши РИА Новостиге жарыяланган.
Адистин айтымында, адамдын маанайы, ичеги-карындын иштөөсү, энергиянын баары анын жеген азыгынан, тамактануу адатынан көз каранды. Волкова 40 жаштан кийин буга өзгөчө маани берүү керектигин белгилеген.
Ошондой эле белокту тынбай колдонуу маанилүү экенин айткан. Ал адамды ток кармап, семиртпейт.
"Белок көп колдонгон адам депрессиядан алыс болуп, ага бырыш көп түшпөйт", — деген медик.
Майлар да маанилүү орунда. Дарыгер белгилегендей, алар организмдин бардык системасын иштетип, адамды дайыма күүлүү-күчтүү алып жүрөт. Пайдалуу майлар жетиштүү болушу үчүн адам тамактануу рационуна зайтун майын, балык, жаңгакты кошушу керек. Эт жана сүт азыктарын да унутпоо зарыл.
Ичегинин микрофлорасына жашылчалар миңдин бири. Медик аларды тамактанган сайын колдонуш керектигин кошумчалаган.
"40 жаштан кийин йод керек. Ал либидону көтөрүүгө жардам берет. В12 витамини депрессиядан коргосо, В6 "бакыт витамини" деп аталат", — деген Волкова.
Дарыгер кальцийди да эстен чыгарбоону айткан. Бул витамин сүт азыктарында, жалбырак сымал жашылчаларда, жумуртка жана кара өрүктө көп.
Иммунитетти чыңдайт. Гастроэнтеролог сары майдын маанисин түшүндүрдү