БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Аялдардын спорт менен ашыкча машыгуусу ден соолук үчүн зыян алып келет. Бул тууралуу дарыгер-репродуктолог Юлия Колода түшүндүргөн.
Дарыгердин айтымында, аялдар организмине катуу күч келтире берсе бир катар акушердик ооруларга чалдыгат. Мындан тышкары, алсырап, айыздын айлануу мөөнөтү бузулат жана сөөктүн бекемдиги төмөндөйт.
"Аялдардын организминин өзгөчөлүгү – сөөк ткандарынын бекемдигин жана репродуктивдүү системаны камсыздаган эстроген гормондорунун деңгээлинин төмөндүгүндө", – дейт Колода.
Анын айтымында, аялдардын акушердик ооруларына ашыкча салмактагылар эле эмес, ашыкча арыктар да кабылат.
"Спорт менен ашыкча машыккан аялдар кош бойлуу кезинде ашыкча салмактагы аялдар туш болгон көйгөйлөргө кабылышат. Ал көйгөйлөргө преэклампсия, анемия, алсыздык, кош бойлуулукту көтөрө албоо, жатындагы суунун эрте кетүүсү, баланын аз салмакта төрөлүшү жана башкалар кирет", — дейт дарыгер.