БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дарыгер Екатерина Кашух сасык тумоодон кийин адам батыраак калыбына келиши үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин түшүндүрдү. Медиктин кеңешин РИА Новости жарыялаган.
Адистин айтымында, инфекцияны сөзсүз дарылап, ооруп жаткан учурда дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруу кажет. Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң.
"Илдеттен арылары менен дароо спорт менен машыгып кетпей акырындан кыймылдап баштаган туура. Маселен, таза абада басып, йоганын жеңил кыймылдарын жасаса болот", — деген медик.
Эксперттин айтымында, иммундук системаны көтөрүүдө С жана D витаминдери маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан тамакты таптап жеп, суюктукту көп ичүү сунушталат. Себеби сасык тумоо организмди кургатып жиберет.
"Суу жылуу, таза болушу керек. Ага лимон же жемиш кошуп ичсеңиз болот. Чөп чайлар да пайдалуу (бирок аны этияттап ичкен туура)", — деген Кашух.
Медик кан айланууну жакшыртуу үчүн кол-бутка массаж жасоо керектигин кошумчалаган.