Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украина кепке келүүнү кааласа декретин жокко чыгарышы керек

Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Эгерде Украина тарап кепке келүүнү кааласа, анда РФ менен сүйлөшүүгө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керек. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Кытай медиакорпорациясына маек берип жатканда айтты.
Видеону RT Telegram каналы жарыялады.
"Украина президенти биз менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салган декрет чыгарды. Алардын каалоосу болбой жана буга нормативдүү документ чыгарып чек коюп жатса, кантип сөзгө келесиң? Андыктан Украинанын каалоосу жаралса декретин жокко чыгарып, сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирсин", — деген Путин.
Путин, андан сырткары, Украинадагы кырдаалдын жөнгө салыныш мөөнөтү боюнча суроого атайын операция согуштун башталышы эмес, аны токтотууга жасалып жаткан аракет деп түшүндүрмө берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок