Дем алышта Ош менен Баткенде үшүк жүрөт. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

Үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча-жемиштерге, казып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратып, 14-15-октябрь күндөрү Ош, Баткен облустарында үшүк жүрөрүн билдирди.
Билдирмеге караганда, 14-15-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы мөмө жана жашылча-жемиштерге, казып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.
Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу