РКӨФ быйыл Кыргызстандын экономикасына 99 млн. доллар инвестиция салды

Курманбеков РКӨФ долбоорлорду каржылоо ыкмаларын өзгөртүп, акырындык менен өлкө экономикасында өз ордун таба баштаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып, фонд быйылкы жылы Кыргызстандын экономикасына канча каражат бөлгөнүн айтты.
"2023-жылдын ушул айына чейин фонд 105 миллион долларга 27 долбоорду каржылаган. Бирок Кыргызстандын экономикасына салынган каражат тууралуу айта турган болсок, бул жылы ал сумма 99 миллионго жеткен", — деген Курманбеков.
Ал РКӨФ долбоорлорду каржылоо ыкмаларын өзгөртүп, акырындык менен өлкө экономикасында өз ордун таба баштаганын белгилеген.
Радио
Курманбеков: РКӨФ 1000дей жумуш орду түзүлө турган үч долбоорду каржылоодо