Нарын: тоют тартыштыгын жоюу үчүн Россиядан арпа ташылууда

Облуста быйыл чөп былтыркыга салыштырмалуу 52 миң 683 тоннага аз камдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Быйылкы кургакчылыктан улам Нарын аймагында тоют аз жыйналганына байланыштуу Россиядан арпа алып келинүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
1 / 2

Быйылкы кургакчылыктан улам Нарын аймагында тоют аз жыйналганына байланыштуу Россиядан арпа алып келинүүдө

2 / 2

Нарын дубаны боюнча быйыл тоют чөптүн түшүмдүүлүгү орточо алганда 30 центнерди түзүп, 228 миң 796,4 тонна жыйналган

Маалыматка ылайык, Нарын дубаны боюнча быйыл тоют чөптүн түшүмдүүлүгү орточо алганда 30 центнерди түзүп, 228 миң 796,4 тонна жыйналган. Ал былтыркыга салыштырмалуу 52 миң 683 тоннага аз.
“Ошондой болсо да облус жетекчилиги тарабынан альтернативдүү тоют менен камсыздоо аракеттери көрүлүп, Россиядан алып келинген арпа килограммы 21 сомдон сатыкка коюлду. Ат-Башы районуна 450 тонна, Ак-Талаа районуна 180 тонна, Нарын районуна 95 тонна сатылды. Учурда башка райондорго алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Облус жетекчилиги фермерлер канча буюртма берилсе, ошончо көлөмдө алып келип берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, жергиликтүү кооперативдер тарабынан Нарын районунун Учкун айылында чыктуу тоют даярдалып, фермерлерге жеткиликтүү баада — килограммы 8-10 сомдон сатылууда. Бүгүнкүгө чейин дыйкан-фермерлер 350 тонна чыктуу тоют менен камсыз болду. Ал эми сырттан келген чыктуу тоют 8-13 сом экени кошумчаланды.
Эгер арпа жана чыктуу тоют керек болсо айыл өкмөт башчыларына жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылса болот.
Тоют 30% аз жыйналган. Айыл чарба министрлиги антикризистик чараларды сунуштады