Россия Өзбекстанга Казакстан аркылуу газ бере баштады

Жакынкы эки жыл аралыгында Россия Казакстан аркылуу Өзбекстанга 2,8 млрд. кубометр көгүлтүр от жөнөтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россия Өзбекстанга Казакстан аркылуу газ бере баштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Шавкат Мирзиёев, Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев — үч мамлекеттин президенттери бул процесстин башталышын расмий ачып беришти.
Путин Өзбекстан энергетика менен жабдуунун жаңы булагын аларын, Казакстан түндүктү газдаштыруу маселесин чечерин айтты. Ал эми Россиянын газ берген ишенимдүү тарап деген макамын бекемдээрин белгиледи.
Мындай келишимге быйыл июнь айында Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен "Газпром" төрагасы Алексей Миллер кол койгон.
“Мындай кеңири, эки тарапка тең пайдалуу жана социалдык мааниге ээ долбоорду тез арада ишке ашыруу Россия, Казакстан жана Өзбекстан татаал, ар кандай, эң дымактуу милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү”, — деп белгилеген Путин.
Жакынкы эки жыл аралыгында Россия Казакстан аркылуу Өзбекстанга 2,8 млрд. кубометр көгүлтүр от бермекчи.
Радио
Кожошев: дүйнөдөгү газдын бештен бир бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө