Диетолог айран-сүт азыктарын туура тандап ичүүнүн жолун түшүндүрдү

Адис бул азыктардагы бифидо жана лактобактериялар ичеги микрофлорасынын нормалдуу иштеши үчүн зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Диетолог Михаил Гинзбург айран-сүт азыктарын күн сайын ичүү зарыл экенин Sputnik радиосунда курган маегинде айтты.
Ал кефир, быштак, каймакты күнүнө канча өлчөмдө жесе болоруна токтолду.

"Күнүнө бир-эки порция айран-сүт азыктарын ичүү менен кальций, бифидо жана лактобактерияларды жетиштүү алса болот. Мындай азыктар сапаттуу белок деп саналат, анда салыштырмалуу кант аз. Күнүмдүк орточо доза – бир стакан кефир, 200 граммдай быштак же эки аш кашык каймак", — деди Гинзбург.

Дарыгер бифидо жана лактобактериялар ичеги микрофлорасынын нормалдуу иштеши үчүн зарыл деп белгиледи.
"Ичеги микрофлорасынын тамак сиңирүү, иммунитетти көтөрүүдө, жаш курак өткөн сайын пайда болуучу жана онкологиялык ооруларды алдын алууда мааниси чоң. Кычкыл сүт азыктарынын толук пайдасын алуу үчүн фермерлердин азыктарын пайдаланган оң, анын жарактуу мөөнөтү канча кыска болсо ошончо жакшы. Анткени анда пайдалуу заттардын баары "тирүү". Демейде бул азыктарга катык, айран кирет", — деди Гинзбург.
Адис шекер кошулган сүт азыктарын алуудан баш тартууну сунуштап, көбүнесе майы жок сүт азыктарын колдонууга чакырды.
Дарыгер күзүндө кантты азыраак колдонууну сунуштады