БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Күн сайын эртеден кечке кеңседе отуруп иштегендер сасык тумоодон алыс болуш үчүн кандай аракеттерди көрүшү керектигин "Прайм" маалымат агенттигине терапевт Галина Аксенова айтып берди.
Ал белгилегендей, кеңсени улам-улам желдетип туруу микробдордун жайылуусун алдын алат. Муну ар бир бир үч-төрт саат сайын 10-15 мүнөттөн кайталап туруу жакшы натыйжа берет.
Мындан тышкары, дарыгер столдордун үстүн ным чүпүрөк менен тазалап, антисептикалык каражаттарды сээп турууну сунуштаган.
"Бетти кир кол менен кармалай бербегенге аракет кылыш керек. Бул эреже сасык тумоо күч алган учурда гана эмес, бардык мезгилде сакталганы оң. Себеби колдогу микробдор көз, мурун, ооз аркылуу кирип инфекцияны пайда кылат", — деди терапевт.
Мурунду чайкоо, кеңседеги жалпы колдонуучу буюмдарды азыраак кармоо, аларды колдонгон соң колду жууп туруу да ооруну алдын аларын белгиледи.
"Иммунитетти бекемдөөдөн тышкары уйкуну кандыруу, туура тамактануу да маанилүү. Ден соолукка ар дайым кам көрүү зарыл, ошондо оорудан алыс болосуз", — деди дарыгер.