Берекелүү күздөгү эмгек. Мээнеткеч элеттиктердин эски сүрөттөрү

Күркүрөгөн күздүн келиши менен элеттиктер түшүм жыйноого киришет. Sputnik Кыргызстан агенттиги сүрөт түрмөк сунуштайт.
Sputnik
Кезинде Советтик Кыргызстан негизинен агрардык республика делип, айыл жеринде жашагандар дыйканчылык, багбанчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенген. Айыл чарба тармагы ички дүң продукциянын 24 пайызын түзгөн. Өлкө ичинде жыйналган түшүм ички рынокту гана камсыздабастан, продукция башка республикаларга да жөнөтүлүп турган. Ошондой эле эмгекчил элдин жыйнаганы кайра иштетилип даяр продукция чыгарылган. Андан сырткары, илимпоздор кыргыз жерине ылайыктуу өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун, малдын жаңы породаларын чыгарып, элеттиктерге кол кабыш кылган.
1 / 12

Жыйналган түшүмдү мамлекетке өткөрүп жаткан дыйкан. 1931-жыл.

2 / 12

Кезинде пахта өлкөнүн түштүгүндө кеңири айдалып, кайра иштетилген

3 / 12
Женщина собирает свеклу в поле в Соколукском районе Чуйской области. 1973 год
4 / 12

Кыргызстан мал киндиктүү жер болгондуктан өлкөнүн көпчүлүк аймактары мал үчүн тоют жыйнаган. Ысык-Ата району, 1978-жыл.

5 / 12

Борбор калаанын четиндеги жүзүм талааларында иштеген кыз-келиндер. Советтик Кыргызстанда ал кезде жүзүмдөн шараптын түрлөрү чыгарылган.

6 / 12

Союз маалында жүгөрүнүн даны, сабагы малга тоют катары кеңири колдонулган

7 / 12

Күздөгү түшүм жыйноо ишине окуу жайдын студенттери да тартылган. Чүйдүн талааларында жашылча жыйнаган жаштар.

8 / 12

Алтын күздө талаада тамеки кургаткан дыйкан. Талас облусу.

9 / 12

Бышкан коон, дарбыздарын базарга алып чыккан багбандар. Ош шаары, 1970-жыл.

10 / 12

Чүйдөгү берекелүү күз

11 / 12

Айыл чарба техникасын сыноодон өткөргөн Кант шаарындагы станция, 1972-жыл

12 / 12

Араван районунда түшүм жыйнаган пахтачылар "ак алтынды" иштетүүдө

Тема боюнча:
"Кыргыз кереметин" жараткан бөбөктөр. Тасмадагы таланттардын сүрөтү
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер