"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кызыл камчы кайнатасынын кылыгына нааразы болгон күйөө бала кат жазган.
Саламатсыздарбы! Биз шаарда турабыз. Эки балам бар. Жубайым апасынын жолун жолдоп медицина кызматкери. Келинчегимди жакшы көрөм, абдан боорукер, сүйкүмдүү. Кайненем дагы жакшы адам. Өзү айылдагы медициналык мекемеде иштейт. Келинчегим үйдүн улуусу. Андан кийин эки сиңдиси жана иниси бар. Бир балдызым студент. Кайним менен экинчи балдызым мектепте окуйт. Буларды айткан себебим кайнатам жаш эле. Элүүдөн өтүп калды. Бизден башка балдары жаш. Ошол себептен кайындарымда улуу күйөө бала катары кандайдыр бир жоопкерчилигим бар. Балдызым меникинде жашап окуйт. Маселе кайнатамда жатат. Мен күйөө бала болгонума 5-6 жыл болуп калды. Ушул аралыкта кайненемди менин көзүмчө урганына канча жолу күбө болдум. Башында унчуга алчу эмесмин. Уялып эшикке чыгып кетчүмүн. Андан кийин кайненем байкуш менин алдымда ыңгайсыз болуп, келинчегим да уялып, ыйлап тим болот. Тиги атабызды "кой" деген киши жок. Өзүн эрдик кылгандай сезет. "Эркек болгондон кийин былжырабай аялды катуу кармаш керек" деп акыл айтып калат. Ушундай мүнөзүнөн улам аны "ата" дегим келбей, бара-бара көңүлүм калды. Апам бизди жалгыз баккандыктан аял кишинин түйшүгүн көрүп өстүм. Өз атам да туугандарынын тилине кирип башкага үйлөнүп алган экен. Аялды кордогондорго тиш кайраганым балачактан калган жараатым окшойт.
Кайнатамды бир-эки ирет ажыраттым. Акыркы жолу шаарга келгенде, кайненем экөө кер-мур айтыша кетип, балдарымдын көзүнчө адатынча дагы кол көтөрүп баштады. Жиним менен колунан силкип ажыратып, катуу-катуу айтып салдым. Чыдабай кеттим. Дагы жакшы иним үйдө болчу. Алдап-соолап алып калды. Мен машинамды айдап кетип калдым. Ошондон бери экөөбүз сүйлөшпөйбүз. Аялым ортодо жанчылат. Эми "атаңды сыйлабаган акмак менен жашаба" деп кызын жашаттырбай жатат. Өзүмдүн апама да айткан жокмун. Келинчегим атасына же мага жан тартарын билбей жатат. Ушул окуядан кийин үйдөн кут кеткендей болду. Заматта аялым экөөбүз чочун кишидей бөлүнө түштүк. Мен эч качан кайнатамдан кечирим сурабайм, бирок үйдөгү абалды жакшыртуу керек болууда.
Психолог Сажира Абдыкаимова: Сиздин сурооңузга жооп берүү абдан олуттуу нерсе. Адамдар күн сайын миллиондогон чечимдерди кабыл алып жашоосун улантат. Бирөө үчүн туура деп эсептелген чечим экинчи бирөө үчүн туура эмес болушу толук мүмкүн. Жашоо өзүңүздүкү экенин билиңиз. Бактылуу жашоо үчүн башка адамдардын колдоосу маанилүүбү? Ал эми келинчегиңиздин ата-энесине кайрылсак, алардын жашоосунда ар дайым ошого окшогон уруш-талаш кадимки көрүнүш болсо, демек, ал нерсени токтото албайсыз. Мен дагы ал адамдарга баа бере албайм. Келинчегиңизди ата-энеси жок жакшы көргөнсүз жана ал адамдар менен таанышканга чейин эле "үйлөнөм" деп чечим чыгаргансыз. Алардын бири-бирине болгон мамилеси сиздин келинчегиңиз экөөңүздүн ортосундагы мамилеге кандай тиешеси бар? Сиз алар менен бир жылда ашып кетсе эки же үч жолу жолуга турган адамсыз. Башында мындай учурда кандай реакция кылчусуз? Тандоо өзүңүздө. Ушул боюнча эч нерсе болбогондой жашоо же болбосо чекит коюп, "мага бул нерсе жакпайт, кандайдыр бир өзгөрүүнү каалайм" деп кадам таштоо. Сиздеги ой толгоо, суроолор жөн жерден келип чыккан жок. Ата ар дайым катаал, корс мүнөздүү эмес, айкөл, мээримдүү дагы боло ала турганын эсиңизден чыгарбаңыз.