"Манас" аэропорту жаңы рейстерди ачууда

Жаңы рейстер Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланышын бекемдей турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту жаңы рейстерди ачууда. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-октябрдан тарта дүйшөмбү жана шаршемби сайын каттаган Шарм-эль-Шейх — Бишкек — Шарм-эль-Шейх рейсин ачуу пландалууда.
"Бул чартердик рейстер кышында каттайт. Элди египеттик Red Sea Airlines ташыйт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдан рейс ачууну пландоодо. Учактар Нячанг шаарынан ар шаршемби сайын учмакчы.
"Бул нерсе туристтер үчүн маршрутту кеңейтип, саякатчылардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы рейстер Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланышын бекемдей турганы белгиленди.
Чаткал районуна жаңы аэропорт курулат. Бөлүнгөн жер тилкеси изилденүүдө