БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Былтыр Кумтөрдөн 17 тонна 303 килограмм алтын казылып, анын дээрлик баары сатылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Негизинен 15,9 тонна казуу планы коюлганы белгиленди.
Маалыматка ылайык, ири алтын кенден өткөн жылы 27 миллиард 959,4 миллион сом салык түшкөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,7 пайызга көп. Мындан “Кумтөр голд компани” ишканасы социалдык, айлана-чөйрөнү булгоо, суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аткарганы айтылды. Ысык-Көл, Нарын облусун өнүктүрүү фонддору сыяктуу уюмдар үчүн да милдеттемелер аткарылган.