Салмак кошулуп баштаган 40 жашта кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек. Адистин сунушу

Бул учурда адамдын булчуңдары да бошой баштайт. Көнүгүүлөр ал процессти жайлатууга жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. 40 жашта адам ашыкча салмак кошуп баштайт. Андыктан бул курактагыларга көп күч келтирүүчү оор көнүгүүлөр сунушталарын Ден соолукту чыңдоо борбору түшүндүрдү.
"Күч менен жасалуучу машыгуулар ашыкча салмак топтоону алдын алгандан тышкары булчуңдун массасынын бошошун жайлатат. Булчуң массаларынын бошошу орточо 10 жыл ичинде 3 пайыздан сегиз пайызды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Анда белгиленгендей, адам буга чейин оор көнүгүүлөрдү жасаган эмес болсо, адегенде аны гантель көтөрүү менен баштаса болот. Ал эми чуркоо менен машыгып көрбөсөңүз 40 жашта бул абдан пайдалуу, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешин жакшыртат. Чуркоого пилатес көнүгүүлөрүн кошуу менен белдин булчуңдарын күчтөнтүүгө болот.
Адистер бул куракка чейин оор, күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасап машыкпагандар дароо штанга көтөрүп баштаганга болбой турганын эскертти. Алгач ылдыйкы тепкичтеги көнүгүүлөрдөн жогору карай өткөн туура.
Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти