Медиктер жашы өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертишти

Адистер 65 жаштагы жана андан жогорку курактагыларга аптасына беш күн 30 мүнөттөн физикалык көнүгүүлөрдү жасап турууну сунуштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору жаш курагы 65тен өткөндөр үчүн кыймылдын маанилүүлүгүн эскертти.
Борбордун адистери жүрөк, өпкө системаларын, сөөк-булчуң ткандарын жакшыртып, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, депрессияга түшпөө, когнитивдик функцияны бузбоо үчүн төмөнкү көнүгүүлөрдү жасоону сунушташат:
65 жаштагы жана андан улуу курактагылар аптасына 150 мүнөттөн аз эмес убакыт орточо интенсивдүү кыймылдашы керек. Балким бул аэробика же жөө басуу, велосипед тебүү, үй жумуштары, түрдүү спорттук оюндар болот. Мисалы, аптасына беш күн 30 мүнөттөн кыймылдоо жогоруда айтылган убакытты түзөт.
Ар бир машыгуу он мүнөттөн кем эмес болушу керектиги сунушталат. Дагы да ден соолукту чыңдайм дегендер болсо орточо интенсивдүү кыймылдагы убакытты аптасына 300 мүнөткө жеткирсе болот.
Бул куракта айрым адамдарда муун оорулары болушу мүмкүн, алар жыгылып кетпей тургандай кыймыл түрлөрүн тандаганы туура. Улгайган адамдар арасында адистер сунуштаган убакытты кыймыл менен өткөрүүгө чамасы жоктор болсо, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайыктап дене бойду жазып, кыймылдап туруу жакшы экендиги айтылат.
Эмне үчүн улгайган сайын уйку качат? Адистин жообу