Далай сырды, оор күйүттү батырган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр

Мындан 32 жыл мурун борбор калаадан анча алыс эмес жерде "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылып, 1938-жылы репрессиялангандардын сөөгү жерге берилген. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхый жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
...Эски кыш заводдун мешинде 1938-жылы 5-8-ноябрда атылган 138 адамдын сөөгүн кайра казуу иштери 1991-жылы жай мезгилинде башталып, күзгө жуук жерге берилген. Үстү-үстүнө ташталган адам сөөктөрүн Болот Абдрахманов башында турган чекисттер казып чыгып, иликтеп, алардын өздүгүн аныктоого аракет кылган. Жыйынтыгында алардын арасында Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү кыргыздын чыгаан уулдары бар экени белгилүү болгон. 53 жылдан кийин сөөгү табылгандардын арасында 17 улуттун өкүлү болуп, урпактары акыры аталарынын кайсы жерде жатканын билип, кепиндеп жерге берген.
Бийлик башындагылар архитекторлор арасында сынак жарыялап, ал жерге "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курдуруп, салтанат менен ачкан.
1 / 12

Сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Эски аянтта өткөн

2 / 12

Ал күнү көзүнөн жаш агызып маркумдардын жакындары чогулган

3 / 12

Сөөктөр жүктөлгөн унаалар, ак кепинделгендердин бала-чакасы

4 / 12

"Репрессияландардын сөөгүн табышыптыр" деген жаңылыктан кийн көп киши убагында айыпсыз атылып кеткен аталарын издеген

5 / 12

Репрессиянын курмандыгы болгон Төрөкул Айтматовдун неберлери

6 / 12

Маркумдар ак кепинделип, жаназасы окулуп жерге берилген

7 / 12

Кийин алардын сөөгү коюлган жерге архитекторлор "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин курган

8 / 12

Адам өмүрүн алган кандуу окуяны, оор кезеңди чагылдырган музей да ачылган

9 / 12

Кыргыз каймактары жаткан бейитке гүл койгону келгендер

10 / 12

Мемориалдык комплекстин айланасына көчөт тиккен кыргызстандыктар

11 / 12

Тарыхый жайды архитекторлор Каныбек Алыкулов менен Улан Бейшенбаев, скульпторлор Виктор Шестопал менен Садабек Ажиев курган

12 / 12

Өзүнө көп сырды камтыган "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси

Тема боюнча:
Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү
Жарым кылымда 12 миң адис даярдаган. Авиациялык институтка 50 жыл толду
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер