Өзүн-өзү жемелөө каталарды оңдоого жардам береби? Психологдун жообу

Кемчилик кетиргенде жүрүм-турумга баа берип, болгон окуяны талдап, пайдалуу тыянак чыгаруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Адам өзүн-өзү жемелөөдөн пайда чыгабы же ден соолукка зыян келеби? Бул суроону психолог Михаил Лабковский талдап бергенин Доктор Питер басылмасы жазды.
Адистин айтымында, дайыма өзүн сынга алуу адамга эч кандай пайда алып келбейт. Бирок ошол эле учурда кетирген каталарга, кемчиликтерге көз жумуп коюу дагы болбойт.
"Ар бирибизде кырдаалды акыл калчап талдай алган ички туюмубуз болот. Мисалы, сиз маанилүү экзаменди тапшыра албай калдыңыз дейли, туюм сиздин канчалык акылсыз жана эч нерсеге арзыбаган адам экениңизди такай эстете бербейт. Ал сизге ийгиликсиздикке эмне себеп болгонун анализдөөгө жардам берет. Мүмкүн уйкуңуз канбай калгандыр же көңүлүңүздү топтой албай калгандырсыз, болбосо даярдык жетишсиз болуп калгандыр. Ошентип, өзүн-өзү жемелей бербей, кийинкиде катаны оңдой тургандай пайдалуу жыйынтык чыгарган оң", — деген психолог.
Психолог медитация иммунитетти кантип чыңдай турганын айтты