ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

Июндун аягына берилген маалымат боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерде жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматында айтылат.
Июндун аягына берилген статистика боюнча, ЕАЭБде иш менен камсыздоо кызматтарына 912,3 миң киши каттоого турган.
"Өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу жумушсуздук 12,4 пайызга кыскарганы аныкталды. Бүгүнкү күндө иши жок жүргөндөрдүн саны жумушчу күчүнүн 1 пайызын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 1,1 пайыздын чегинде болчу", — деп айтылат кабарда.
ЕАЭБдин келечеги тууралуу ЕЭК министри Арзыбек Кожошев кенен айтып берген.
Радио
Кожошев: дүйнөдөгү газдын бештен бир бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүндө