Өмүрбек Бакировдун кылмыш ишин тергөө соңуна чыкты

Тергөө Бакиров добуштарды сатып алуу менен депутат болгон деп эсептөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировго карата козголгон кылмыш ишин тергөө соңуна чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Анын айтымында, экс-депутатка "Шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, Бакировду мандаттан ажыратуу чечимин Бишкек административдик соту 7-июнда кабыл алган. Кийин аны Бишкек шаардык соту да, Жогорку Сот да күчүндө калтырган. 26-август күнү БШК Бакиров депутат болбой калганын расмий жарыялады.
Кийинчерээк Ош облусунун ИИБи аны кармаган. Бирок ошол эле күнү сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен коё беришкен. Ага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча айып тагылууда.
Мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев депутат болду