"Сыртка тоют чыкпасын". Министрлик жарым жылга тыюу киргенин билдирди

Июлда быйыл өлкөдө тоют былтыркыдан 30 пайызга аз камдалып жатканы айтылган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Тоютту жана арпа, күрүч, сулуну Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.
Жогоруда саналган азыктардан сырткары чөп, саман, комбикорм, акшак жана тоют боло турган эгинди экспорттоого болбойт.
"Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспорттон, транзиттен, ошондой эле министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды", — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, июлда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл өлкөдө тоют былтыркыдан 30 пайызга аз камдалып жатканын билдирген эле. Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттарга жеңилдик берүү боюнча да маселе көтөрүлүп жатканын кошумчалаган.
Сиз антип философияны айтпаңыз. Акылбек Жапаров айыл чарба министрин тилдеди