Бийлик аракка эң төмөнкү бааны коюуну сунуштап жатат

Ичкиликтин баасы боюнча чыгарылган токтомдун долбоорун коомдук талкууга коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанда чыккан аракка эң төмөнкү бааны коюуну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
2024-жылдан тарта жарым литр арактын дүң баасы 156 сом, ал эми чекене сатканда 158 сом болушу мүмкүн. Бийлик ушундай жол менен бааны жөнгө салуу ниетинде.
Экономика министрлиги контрафактылык арак рынокто 120 сомдон (жарым литри) сатылып жатканын билдирди. Республикалык бюджет мындай мыйзамсыз товар айлануудан миллиарддаган сомдорду жоготуп, ал эми калк сапатсыз, арзан товарды алам деп ден соолугу менен өмүрүнө кооптуулук жаратып алууда.
Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө кирди